БШК: 4 эле депутат бир айылдын жашоосун бир нече жылга "тоңдуруп" кое алат

Жазылуу
Нуржан Шайлдабекова кайра өткөн шайлоолорго 47,5 миллион сом сарпталганын кошумчалады

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жергиликтүү кеңештин төрт депутаты бир айылдын жашоосуна бир нече жылга бүлүк салып койгон учурлар бар экенин Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү бийлик органдары тууралуу мыйзамдарды жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйынында айтты.

БШК жетекчиси 207 кеңештин ар биринин курамында 11ден депутат бар экенин белгилеп, өкмөт аппаратынын өкүлү Жетиген Бакировдун "алты депутат менен сүйлөшүп айыл өкмөтү болгондор бар" деген сөзүнө жооп кайтарды.

"Мен башкача айтаар элем: кээде бир жарым жылга бир айылдын жашоосун токтотуп коюуга төрт эле депутат жетишет", — деди Шайлдабекова.

Ал акыркы жылдары 71 жергиликтүү кеңеште кайра шайлоо өтүп, ага 47,5 миллион сомдон ашуун каражат сарпталганын белгиледи.

Эскерте кетсек, бүгүн "Ала-Арча" мамелкеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун төрагылыгы алдында жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тууралуу мыйзамды жакшыртуу боюнча жумушчу топтун жыйыны өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0