Аба ырайына байланыштуу мектептер каникулга тарайбы? Министрликтин жообу

Жазылуу
Температуранын айрым нормаларына ылайык мектеп жетекчилиги менен райондук билим берүү бөлүмдөрү окууну токтото алат

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Окуу класстарындагы температура +8 градустан төмөн, ал эми сыртта —30 градус суук болсо анда окуучулар каникулга тарайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

"Биз Кыргызгидрометтен аба ырайынын температурасы төмөндөй турганы жөнүндө шашылыш билдирүү алдык. Температуранын тийиштүү нормасын Санэпидстанция аныктайт. Эгер ата-энелер класстагы температура +8 градустан төмөн деп эсептешсе, райондук билим берүү бөлүмүнө кайрылышы керек. Алар текшерип, факты далилденсе чара көрүшөт", — деп министрликтен билдиришти.

Бүгүн, 23-январда Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык өлкөдө 26-январдан 29-январга чейин аба ырайынын температурасы кескин төмөндөшү күтүлүүдө. Чүйдүн түндүк тарабы түнкүсүн —30, күндүз —19 градус суук болушу мүмкүн.

Кыргызгидрометтин шашылыш билдирүүсүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0