Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүУхудшение ситуации на автодорогах
Ухудшение ситуации на автодорогах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 22-январда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Шаар тургуну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Февраль айына карата аба ырайынын божомолу
Ага ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Бишкек шаарында түнкүсүн 1 градуска чейин жылуу болот. Күндүз +6…+8 градуска чейин көтөрүлөт. Ош шаарында болсо түнкүсүн аба ырайы 3 градустан төмөн болуп, күндүз +5…+7 градуска чейин жылуу болот.

Ал эми Чүй жана Талас өрөөндөрүндө күндүз +3…+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 8 градуска чейин жылыйт.

Ысык-Көлдө күндүн табы 6 градуска чейин жылыса, Нарын облусунда 10 градуска чейин суук болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0