06:13 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Фермер Манас Саматов

Фермер Манас Саматов: дыйкан — жүдөгөн адам эмес, ал — бизнесмен

© Фото / Азат Акаев
Коом
Кыскача шилтеме алуу
129830

Манас Саматов айыл чарба тармагында алган билимин дыйканчылык менен айкалыштырган ийгиликтүү фермерлердин бири

Дыйкан Манас Саматов жер иштетүү менен ийгиликке жетүүнүн реалдуу көрүнүш экендигин айтат. Акыркы жылдары кызылча эгүү менен алектенген фермер дале болсо чет өлкөлөрдү кыдырып дыйканчылык боюнча тажрыйбасын өркүндөтүп келет. Sputnik Кыргызстан агенттиги Манас Саматов менен жолугуп Кыргызстандагы айыл чарба тармагынын абалы жана дыйканчылык маданияты тууралуу маектешти.

— Манас мырза, алгач өзүңүз менен тааныштыра кетсеңиз. Дыйканчылык менен кантип алектенип калдыңыз?

— Мен 1954-жылы Кадамжайда туулгам. Жаштайыман эле дыйканчылык менен алектенип келем. Бардык керектүү нерселерди атаман үйрөнгөм. Жогорку билимди Айыл чарба институтунан алып, аспирантураны Россияда окудум, диссертациямды Латвияда жактадым. Андан соң он жыл Өзбекстанда айыл чарба тармагында иштедим. 1990-жылы Кыргызстанга кайтып келип дыйканчылык менен алектене баштадым. Өзүбүздүн 20 гектарга жакын жерибизди жана андан башка ижарага алынган жерлерди иштетебиз. Көбүнчө кызылча эгебиз. 

Фермер Манас Саматов с коллегами
© Фото / предоставлено Манасом Саматовым
Манас Саматов: жаштайыман эле дыйканчылык менен алектенип келем. Бардык керектүү нерселерди атаман үйрөнгөм

— Азыркы учурда өлкөдөгү дыйканчылык кандай абалда?

— Дыйкандар өкмөткө эле таянып отура бербей, менчик жерлерин иштетип өз алдынча татыктуу оокатын кылып келе жатат. Бирок жалпы эле айыл чарба тармагын өнүктүрүү мамлекеттик жетекчиликтин жоопкерчилигиндеги маселе. Мамлекеттин түшүнүктүү, жөнөкөй, агрардык-техникалык жана агрардык-каржы саясаты болушу керек. Тилекке каршы, бизде азыр эки жак тең даяр эмес. Ошондуктан айыл чарба тармагындагы бийлик менен дыйкандардын арасы ажырап кеткен. Айыл чарба маселесин туура үйрөнүп, жерге болгон мамилени өзгөртсөк жер бизди өзү эле багып алмак. Жерибиз жумшак, абабыз кургак болгондуктан дыйканчылык бизге өтө ыңгайлуу. Киреше таба тургандай кылып, бул тармакты коммерциялык жолго түшүрүшүбүз керек. Себеби биз жерден киреше табууну жеткиликтүү үйрөнө элекпиз. Кийим-кече, тамак-аш сатууну аябай жакшы өздөштүрдүк. Мамлекет башка тармакка көңүл бурбаса дагы, дыйканды жетелеши керек.

Ал эми бизде баары тескерисинче болуп жатат. Айыл чарба министрлиги дыйкандар менен баарлашпайт. Жеке кабыл алууларга жумасына жарым күн бөлөт. Министр 24 саат болбосо дагы, 12 саат дыйкандарга ачык болушу керек да.

— Бирок дыйкандар өз алдынча болсо да ийгиликке жетишип жатат десек болобу?

— Албетте, Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жылыштар бар. Бирок жогоруда айтып кеткендей жардам күтүп жүдөгөн дыйкандар айласы кеткенде өз аракети менен иш кылууга өтүштү. Дыйканчылыкка тоскоол болгон мыйзамдарыбызды жок кылып, дыйкандар менен каржы мекемелеринин ортосундагы мамилени жөнөкөйлөтсөк дагы да ийгиликке жетишебиз. Себеби бизде дыйканчылык аркылуу ийгиликке жетишүү реалдуу нерсе. Бардык шартыбыз бар. Бир миллион 300 миң гектар жерибиз бар деп айтып келебиз. Ишке киргизилбеген тоо этектериндеги жерлерибизди да тамчылатып сугаруу аркылуу пайдалансак болот. Ошондо бүтүндөй мигранттарыбызды өлкөгө чакыра алмакпыз. Алардын көбү чөнтөгүндөгү акчасы менен келип, өлкөбүзгө инвестиция салмак. 

Фермер Манас Саматов с коллегами
© Фото / предоставлено Манасом Саматовым
Манас Саматов: дыйканчылыкка тоскоол болгон мыйзамдарыбызды жок кылып, дыйкандар менен каржы мекемелеринин ортосундагы мамилени жөнөкөйлөтсөк дагы да ийгиликке жетишебиз

— Дыйканчылык маданиятын кантип өзгөртсөк болот?

— Адал эмгек менен нан тапкан ар бир кесип татыктуу. Бизде дыйкан тууралуу түшүнүгүбүз таптакыр башкача. Дыйкан же малчы десе эле көз алдыбызга эски доордогу шөмтүрөп, жүдөгөн кишини элестетпешибиз керек. Окубай, артта калган киши дыйкан же малчы болот деген түшүнүктү жок кылуу зарыл. Менин айтаарым, бүгүнкү күндө дыйкан — бул кадимкидей эле ишкер же бизнесмен. Дыйкандар өздөрүн кемсинтпей, кесибинин кадырына жетиши керек. Карапайымдыктын дагы чеги болуусу зарыл. Анткени дыйканчылык — бул айыл-чарба өндүрүшү. Өндүрүштүн негизги максаты — киреше тапмай. Киреше жана чыгашаны эсептеп, планды түзүп натыйжалуу иш кылган дыйкан ийгиликке жетишет.

— Жер иштетүүгө кызыккандарга кандай кеңеш берет элеңиз?

— Көпчүлүк мекендештерибиз дыйканчылыкты кантип баштап, кантип иштөө керектигин билбейт. Бир-эки гектар жер эмнеге жарамак эле деген кайдыгерлер көп. Бир гектар жер бир үй-бүлөнү жөн эле багат. Жаңы технологияларды үйрөнүп, аларды колдоно билүү зарыл. Үй-бүлөдөгү 2-3 киши менен эле чарба жүргүзсө боло турган жагдайды жарата билүү керек. Кыргыздарда дыйканчылык калыптанып калган нерсе. Эң негизгиси сапаттуу үрөн алуу үчүн жан үрөш керек. Сапаттуу өндүрүшкө кардар оңой эле табылат.

— Европа өлкөлөрүн көп кыдыраарыңызды билебиз…

— Саякатымдын дээрлик жүз пайызы жумушка байланыштуу. Көбүнчөсү Европадагы завод-фабрикаларды кыдырып, айыл чарба тармагындагы ишкерлер менен жолугам. Алар менен тажрыйба алмашып турабыз. Ал жактан үйрөнгөн жаңы нерселерди, жаңы тенденцияларды Кыргызстанга да киргизүүнүн аракетин көрүп келе жатам. Өзүм дыйканчылыктан сырткары кеңешчилик кызматты да аркалайм. Бирок бул кызматыма чет өлкөлөрдө гана акы алам. Ал эми Кыргызстанда жардам сурагандарга кеңешимди бекер эле берем.

Тема боюнча

Фермер: Бишкектеги таштандынын 70 пайызын биздин сөөлжандар жейт
Мукашев: фермерлерге жол картасы сыяктуу так эрежелер керек болуп жатат
Белгилер:
дыйкан, өндүрүш, айыл чарба

ЭҢ МААНИЛҮҮ