Кыргызстандык аял Дубайдан "кыялындагы үйүн" утуп алды

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүГорода мира. Дубай
Города мира. Дубай - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тургуну 400 долларды компаниянын филиалынан алмаштыргандан кийин конкурстун катышуучусу болуп калган

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Кыргызстандык Саида Жээнбаева Al Ansari Exchange — Winter Promotion – 2017 конкурсунун баш байгесин утуп алды. Ал Бириккен Араб Эмирлигиндеги эл аралык валюта биржасы менен Al Ansari Exchange акча которуу компаниясы тарабынан өткөрүлгөн.

Конкурс ноябрда башталып, 31-декабрга чейин уланган. Кыргызстандын тургуну 400 долларды компаниянын филиалынан алмаштыргандан кийин конкурстун катышуучусу болуп калган.

Анын жеңүүчүлөрү жакында эле Дубайда жарыяланып, Жээнбаева баш байгени жеңип алган. Негизги белек "кыялдагы үй" деп аталат. Конкурстун эрежеси боюнча ага 500 миң дирхам (136 миң доллар) берилип, ага өзүнүн кыялындагы үйдү сатып алса болот.

"Кубанганымды сөз менен жеткире албайм. Башында утканыма такыр ишенген жокмун. Эми туулган жеримде кыялымдагы үйдү сатып алууга мүмкүнчүлүк бар. Al Ansari Exchange компаниясына кыялымды орундатууга шарт түзүп бергени үчүн ыраазычылык билдирем", — деди Жээнбаева.

Ошондой эле конкурста бир килограмм алтын ойнотулган, аны индиялык Кулдип Сингх утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0