Исаков Ботаникалык бакты реконструкциялоого Япониядан жардам сурады

Жазылуу
Казухико Кикучи келечекте Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айткан

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандагы JICA агентигинин өкүлү Казухико Кикучиден Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакты реконструкциялоого япон тараптын көмөк көрсөтүү мүмкүндүгүн карап көрүүнү сунуштады. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Финландиянын парламенттик делегациясы менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Финляндия Кыргызстан менен туризм жаатында кызматташууга кызыкдар болууда
Исаков Казухико Кикучи менен жолугуп, биргелешкен иштин багыттарды, келерки беш жылга карата JICA өнүктүрүү стратегиясынын алкагындагы келечектүү долбоорлорду кенен талкуулаган. Өкмөт башчы учурда алдыңкы технологияларсыз улуттук экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эместигине токтолуп, буга байланыштуу аталган багыттагы япон тажрыйбасын иликтөөнүн, ошондой эле Япониядан маалыматтык-коммуникациялык технологияларга (МКТ) байланыштуу долбоорлорду алга жылдыруу жана ишке ашыруу боюнча инвесторлорду тартуу маанилүүлүгүн баса белгиледи.

"Санариптик трансформация өлкөдөгү коррупцияны жоюуга, бюджеттин кирешесин жогорулатууга, көмүскө экономиканы кыскартууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз", – деди өкмөт башчы.

Казухико Кикучи келечекте Кыргызстан менен мамилелерди өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин айткан.

Бишкек шаарына асмандан көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сапар Исаков Бишкек шаарындагы булганган абага көңүлүн бурду
Буга чейин аталган жайда удаа чыккан өрттөрдү жарандык активисттер кызыкдар болуп жаткандардын иши экендигин айтышкан. Ботаникалык бактын аймагына ветеринардык жаңы лаборатория куруу пландалганы айтылып, ал коомчулуктун ызы-чуусун жараткан. Бир нече убакыттан кийин ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Ботаникалык бакка зыян келтирбеш үчүн пландалып жаткан лабораторияны башка жакка курууну караштырууга тапшырма берген.

Исаков 2017-жылдын сентябрь айында Ботаникалык бактагы өрт жетекчилердин шалаакылыгынан чыкса, алар жазасын алышы керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0