Ат-Башыда балдарды сактап калган милиционерлер: тоңуп калганбы деп коркуп кеттик

Жазылуу
Милиционерге биринчи эле "тоңуп калган жокпу" деген ой келген

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ат-Башы райондук ИИБдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын кенже лейтенанты Максат Токторбаев менен милициянын лейтенанты Кубан Нурланов адашып кеткен эки бир тууганды сууктан сактап калды. Sputnik Кыргызстан окуянын чоо-жайын тереңирээк билип көрдү.

Нарын облусунун Ат-Башы районун акиминин орун басары Ажар Дүйшөналиеванын айтып бергенине караганда, жоголгон балдар ал түнү табылбаса, тоңуп калышмак.

…Окуя 12-январь күнү Нарын облусунун Ат-Башы районунда болгон. Таянеси багып жаткан алты жана жети жаштагы эки жээнин саат кечки 17:30дарда ойноп жаткан жеринен жоготуп алган.

Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: "Осьминог" ресторанынын ээси мамлекеттик кайтарууга алынды
Маалыматта балдар оюнга алаксып калып, күүгүмдө адашып кетишкени айтылат. Ээрчишкен бир туугандар болжол менен бир саатка чукул мезгилде токойлуу талаа жана чоң көпүрөдөн өтүп, райборборго келген. Чоочун жерге келип, эч кимге кайрылган эмес. Эгерде ал түнү эки милиционер балдарды балатынын түбүнөн байкап, сөзгө келбей кетенчиктеген кичинекейлерди кепке тартып, алдап-соолап алып кетпегенде… окуя кандай өнүкмөк, эч ким айта албайт.

Балдар үшүп да, чочуп да калыптыр…

Милициянын кенже лейтенанты Максат Токторбаев менен милициянын лейтенанты Кубан Нурланов 12-январда кечки патруль учурунда саат сегиздерден оой, тогузга жакын балатынын түбүнөн эрбейген эки караанды байкаган. Нарындын суугун айтпаса де белгилүү. Түнгө калган бала эмес, чоң киши кадимкидей сенейе түшөт.

"Максат Токторбаев экөөбүз райондогу Үй-бүлөлүк медицина борборунун имаратынын алдынан эки кичинекей баланы байкадык. Биринчи эле "тоңуп калган жокпу" деген ой келди. Жакшыраак карабаса, балдар байкалбай деле калмак окшойт, себеби балаты абдан эле чоң болучу. Биздин суук шарттан алганда, бири кадыресе эле калың кийинсе, экинчисиники жукараак экен", — деп айтып берди лейтенант Нурланов.

Ал эми экинчи милиционер, кенже лейтенант Максат Токторбаев эки бир туугандын чоочундарды кандай кабыл алып, аларды алдап-соолап кепке тартууга туура келгендигин айтып берди.

Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баласын ич талаштыра тепкен кишиге карата кылмыш иши кыскарды
"Айлана бир топ караңгы, ал эми аба —18…-20 градус суук болчу. Балдар үшүп да, коркуп да калышыптыр. Бөтөн адамды көргөндө чочуган сезимин көрсөтүштү. Суроо берсек, кетенчиктеп, дароо кепке келишкен жок. Милицияданбыз, үйүңөргө алып барабыз десек анан чыгып беришти. Сурасак, атын билгени менен каякта жашарын айта албай коюшту. Дароо бөлүмгө алып келип, кароодон өткөрөлү десек бир топ үшүп калыптыр. Буттарын чечип, суу экенин көрүп, үшүк алып кеткен жокпу деген тынчсыздануу менен дароо ооруканага алып жөнөдүк", — деди Токторбаев.

Милиционерлер жөө өтүп бара жаткан бирөө-жарым көрүп калбаса, далдоодо отурган балдар трассада автоунаа менен өтүп бара жаткандарга байкалбай калмактыгын айтышты.

"Балдарды дарыгерлердин кароосуна өткөрүп бергенден кийин канааттанган сезим менен кайра патрулга чыгып кеттик", — дешти атбашылык эки милиционер.

Үшүп калган балдарга дарыгерлер дароо ысык чай берип, жылытып, медициналык кароодон өткөрүп, кооптуу эч нерсе тапкан эмес.

"Ден соолугу жакшы экендиги аныкталгандан кийин эки бала үй-бүлөсүн өткөрүп берилди", — деп билдирди акимдин орун басары Дүйшөналиева.

Биринчи жана даярдоо классында билим алып жаткан эки бир тууган учурда мектептеги окуусун улантууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0