Кыргызстандагы тажрыйбалуу жаш адистер эмнеге ишсиз отурганын айтып беришти

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүЭкзамен по русскому языку для мигрантов
Экзамен по русскому языку для мигрантов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпысынан 28 миң жаш адис бар, бирок алар эмгек тажрыйбасына карабастан ишсиз

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Улуттук статистикалык комитет өлкөдөгү жаштар эмгек тажрыйбасына карабастан эмне себептен ишсиз отурганын сурамжылоонун негизинде аныктаган. Ведомствонун маалыматына караганда, Кыргызстанда 28 миң иши жок жаштар бар.

Кыргызстанда сиз курактуу канча киши бар? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда сиз курактуу канча киши жашайт? Сандар сүйлөйт
Эң негизги себептердин бири — сезондук иштер. Ар бир экинчи жумушсуз адам жылдын кайсы бир мезгилинде гана иштеп акча табат.

Бештен бири үй-бүлөлүк себептерден улам иштебейт. Ал эми 2 миң адам ден соолугуна байланыштуу үйдө отурат.

Дагы миңге чукул киши ишкананын жабылып калгандыгына же кызматкерлердин кыскартылышына байланыштуу ишсиз калган.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча кыргызстандыктар орточо эсеп менен иш табууга сегиз ай кетирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0