Ар жерден чыккан сөөктү көрүп үрөйүм учту... Өзгөчө кырдаалдар министринин маеги

© Sputnik / Табылды КадырбековМинистр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов
Министр чрезвычайных ситуаций Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун ар бир күнү күтүүсүз кырдаал менен коштолот. Ал дайым адамдар өзүн өзү коргоо ниетинде оолак карманган жерлерге барат.

Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр Батыралиев арыз-дооматтар үчүн жеке WhatsApp номерин жарыялады
Кубатбек Бороновду ыңгайлуу жерге караганда үрөй учурган кырсык болгон жерлерден көп көрөсүң. Бир сүрөттө ал желим өтүк кийип, сел каптаган жердеги куткаруучулардын ишин көзөмөлдөп жүрсө, башкасында зилзалада каза болгондордун жакындарын жубатып жүрөт.

Кол алдында иштегендерди ал жакын санап "менин балдарым" деп атайт. Айрыкча жаш куткаруучуларды аяганын жашырбайт, алар 18 жашында аябай оор жагдайларга аргасыз күбө болушат.

— Өз жаштыгыңыздан эскерсеңиз.

— Ош облусундагы Зергер айылында туулгам. Атам совхоздун директорлугун аркалачу, абдан катаал киши. Окуучу кезимде мени тоют цехине ишке киргизген. Кара жумуш эле: таңгак чөптөрдү ташып, уйга, койго чөп салчумун.

Жаштык менен атама "уулун башка жакшыраак жерге орноштурса болбойт беле?" деп капа болчумун. Азыр ойлосом, бул тарбиянын эң мыкты үлгүсү болгон экен. Андан кийин армияда кызмат өтөп, университетте окудум. 

© Sputnik / Табылды КадырбековӨзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов: окуучу кезимде мен тоют цехинде иштегенмин. Кара жумуш эле: таңгак чөптөрдү ташып, уйга, койго чөп салчумун
Министр чрезвычайных ситуаций КР Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов: окуучу кезимде мен тоют цехинде иштегенмин. Кара жумуш эле: таңгак чөптөрдү ташып, уйга, койго чөп салчумун

— Борборго Фрунзе политехникалык институтунун инженер-куруучу адистиги боюнча тапшырууга келипсиз. Жеңил эле болду беле?

Презентация гелиоколлекторов  на территории КП Бишкектеплоэнерго в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлөм бай деле эмес, "ортозаар" турабыз. Зилалиевдин агынан жарыла берген маеги
— Ал кезде Советтер Союзу болчу: эгер окууга өтсөң, сени турак жай, стипендия менен камсыз кылышчу. Бардык маселелер мамлекеттин эсебинен чечилчү. Болгону айыл мектебиндеги "төрт-беш" деген баа борбор калаанын ченеми менен "үчкө" да жетчү эмес.

Тил көйгөйү да сезилерлик эле, университетте бардык сабактар орус тилинде өтөт, ал эми бизде – айылда орус жана англис тили боюнча мугалимдер шаардан келет, бир аз иштегенден кийин эле декретке чыгып кетишчү.

Бирок биз үчүн окуудан чыгарылып айылга кайтуудан өткөн уят жок эле. Ошондуктан тырыша окуп, экинчи курста тыңып кеттик.

— Эмнеге куруучу болуп иштеген жоксуз?

— "Фрунзестрой" бирикмесинде таш тизгич болуп бир аз иштедим, бирок кийин СССР ураганда жумуш да токтоду. Анда "бизнес" деген эмне түшүнүк экенин деле эч ким билчү эмес. Бизнесмендерди "алып сатар" деп атап коюшчу. Бирок үй-бүлөнү багуу зарыл. Үч дос болуп пахта сатуучу чакан ишкана ачканбыз. Беш жыл ошол иш менен алектендим. Кийин мени Өзгөчө кырдаалдар министрлигине чакырып калышты, ошондон тарта, 15 жылдан бери ушул тармактамын. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКубатбек Боронов: өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 15 жылдан бери иштеп жүрөм
Премьер-министр КР Сооронбай Жээнбеков и министр МЧС КР Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Кубатбек Боронов: өзгөчө кырдаалдар министрлигинде 15 жылдан бери иштеп жүрөм

— Кызматтык тепкичтеги кайсы учурду маанилүү деп эсептейсиз?

Министр здравоохранения КР Батыралиев Талантбек - Sputnik Кыргызстан
Батыралиев: медицина тармагынын тамтыгы чыккан, аны дароо жакшырта албайбыз
— 2005-жылы мекеме реформаланды. Анда жетишерлик жогорку кызматты ээлечүмүн — Жарандык коргонуунун шаардык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болчумун. Реформанын натыйжасында менин кызматым жоюлуп калды.

Ишсиз калганыма моюн сунуп калгам. Бирок мага ӨКМдин аймактык башкармалыгынан орун сунушташты – бул өтө эле төмөндөтүү эле! Ошого карабай макул болдум. Ошентип жолумду кайра башынан баштоого туура келди, бирок ошол ийгиликсиз мезгил мени көп нерсеге үйрөттү. 

— Кол алдыңыздагылардын кайсы аракети менен сыймыктанаар элеңиз?

— Менин балдарым аткарган иштердин баары мени сыймыктандырат. Алар өрт өчүрүп, же көчкүдөн адамдарды куткарганда гана баатыр эмес. Кыйын кырдаалга кабылган адамга телефон аркылуу деле көмөктөшүүнүн өзү эле татаал иш, ал үчүн да кандай бекемдик керек.

Коргоо министрлеринин бири "биздин ишке караганда сиздики татаалыраак. Сиздин душмандарыңыз менен тил табышууга мүмкүн эмес" деп айтканы бар. Ооба, биздин душман — жер титирөөлөр, өрт, сел, көчкү. Алар менен күн сайын күрөшөбүз. 2017-жылдын 365 күнүндө 324 өзгөчө жагдай жаралды. 

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ министри Кубатбек Боронов ИИМдин экс-жетекчиси Мелис Турганбаев менен
Министр ЧС Кубатбек Боронов и министр МВД Мелис Турганбаев - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ министри Кубатбек Боронов ИИМдин экс-жетекчиси Мелис Турганбаев менен

— Алардын кайсынысы эсиңизде сакталып калды?

— Албетте, аба кырсыгы! Ал күн түк эсимден чыкпай калат окшойт. Мага таңкы жетиде чалып, жүк ташуучу учак кулаганын кабарлашты. Алгач кырсыктын кесепети анчалык көп жоготуу алып келери ойго келбеди. Министрликти аркалаган соңку алты жылда учак аралашкан үч кырсыкта курмандык болгон эмес.

Бардык маселелерди чечип коюп, кырсык болгон жерге 9да бардым. Ал жакта менин балдарым улам ар жерден дененин бөлүктөрүн сууруп чыгып жатышты. Азап эле…

Сөөктүн калдыктарынын көптүгүнөн, кийин белгилүү болгондой 39 киши эмес, башта мага жүздөгөн адам набыт болгондой сезилген. Сөөктөрдү эки сааттай чогулттук. Балдарым үчүн ошол маал абдан татаал болгон.

— Кантип чыдашты?

— Бул үрөй учурган окуя эле! Өзгөчө жаш балдарымды аядым, алар көз алдындагы көрүнүштү көтөрө албай эстен танып жатышты. Аларды медиктер улам карап турушту. 2018-жылы куткаруучулар үчүн психологиялык калыптандыруу борборун ачууну пландоодобуз.

— Өз турмушуңузда эмне менен сыймыктанасыз?

Премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси Бермет Турсункулова маек учрунда - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министрдин жаңы кеңешчиси: мени кызматка эч ким түртмөлөгөн жок
— Адамдарга жасаган жакшылыктан канаат алам. Маселен, 2017-жылы биз кызматтык турак жай куруп, 162 кызматкерибиз өз өргөсүнө ээ болушту. Алардын арасында 20 жылдык өмүрүн ӨКМге арнап, ушул кезге чейин батир ижаралап келгендер бар. Алардын көздөрүндөгү кубанычты көрүү мага чексиз рахат тартуулады.

Анан да… Мен да адаммын, өмүрлүк жубайым, балдарымдын апасы тууралуу айткым келет. Ага мен көп нерсе үчүн милдеткермин, бул айым менен сыймыктанам.

Жаңылыктар түрмөгү
0