Бишкекте жарык өчүп калса мессенджер аркылуу даттанууга болот

© Sputnik / Жоомарт УраимовБот ОАО "Северэлектро" в мессенджере Тelegram
Бот ОАО Северэлектро в мессенджере Тelegram - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр компаниянын роботу тапшырыкты кабыл алгандан кийин "Түндүкэлектрдин" кызматкерлери чакырык боюнча барышат

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Түндүкэлектр" ААКы Facebook жана Telegram мессенджеринде роботту ишке киргизди. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди.

Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Министр Батыралиев арыз-дооматтар үчүн жеке WhatsApp номерин жарыялады
Роботтор Namba One тиркемесинде эки ай мурда ишке киргизилген. Эми ага дагы эки тиркеме кошулду. Кызматты колдонуу үчүн Google Play же App Store кызматтарынан тиркемени телефонго көчүрүп алуу керек. Андан кийин "Түндүкэлектр" ААКты таап, @oaoseverelectrobot дегенди ачуу зарыл.

Абонент жеке эсебинин абалын билүү үчүн номерлерди терүү гана жетиштүү. Кызматты "Түндүкэлектрдин" бардык кардарлары колдоно алат. Ошондой эле Бишкек шаарынын, Чүй облусундагы Сокулук жана Аламүдүн районунун тургундары жарыктын өчүп калышы боюнча маалыматтарды жибере алат. Ал үчүн абонент өзүнүн жеке номерин жана телефон номерин жазуусу керек. Мисалы 340043480-996555000000.

Ро́бот, же бот — кандайдыр бир аракетти автоматтык түрдө жасай турчу атайын программа.

Жаңылыктар түрмөгү
0