БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Көчмөндөр оюнуна чакырылды

© Фото / пресс-служба МИД КРКыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Нью-Йорк шаарында жолукту
Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Нью-Йорк шаарында жолукту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гуттериш менен Абдылдаев кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен Нью-Йорк шаарында жолукту. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Завораживает и вдохновляет — новый промо-ролик Игр кочевников - Sputnik Кыргызстан
Көчмөндөр оюнунун жаңы промо-ролиги чыкты
Жолугушууда Абдылдаев өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөр, президенттик шайлоо боюнча айтты. Андан сырткары, БУУ менен Кыргызстандын жакынкы аралыктагы кызматташуусунун артыкчылык берилген багыттары талкууланды.

БУУнун баш катчысы өз кезегинде Кыргызстандагы президенттик шайлоого жакшы баасын берип, мындан ары да демократиялык өзгөрүүлөргө аракет кылууга чакырды.

Жолугушуунун соңунда Абдылдаев Гуттеришти Кыргызстанда сентябрь айында өтүүчү Көчмөндөр оюнуна чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0