Мас абалында Бишкектен жол кырсыгына кабылган милиционер иштен айдалды

Жазылуу
Министрликтин жүргүзгөн кызматтык териштирүүсү укук коргоочунун күнөөсүн далилдеген

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Чүй облусуна караштуу Аламүдүн райондук ИИБдин тергөөчүсү мас абалында жол кырсыгына кабылганы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, 4-январда Бишкекте саат 15.00дө Toyota Camry унаасын айдап бараткан милиционер жол кырсыгына кабылган.

Министрликтин жүргүзгөн кызматтык териштирүүсү укук коргоочунун күнөөсүн далилдегендиктен ал иштен алынды. 

Ал эми кызматкерлерге “жакшы көз салган эмес” деген жүйө менен Аламүдүн райондук ИИБдин тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматынан төмөндөтүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0