Кайсы аймак коррупцияга көбүрөөк малынган? Жемкорлукка каршы иштечү сайт ачылды

© Sputnik / Жоомарт УраимовЗапуск портала anticorruption.kg
Запуск портала anticorruption.kg - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сайтта коррупцияга каршы күрөшкөн мамлекеттик органдардан чогулган факты, статистика жана башка маалыматтар камтылган

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчылыгы коррупцияга каршы anticorruption.kg порталын ишке киргизди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Компьютерде иштеп жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызча "жаза албаган" сайттар. Бийлик органдары маалыматын кантип жайылтат
Долбоордун максаты — жарандарга коррупциялык иштерге каршы турууга шарт түзүү.

Маалымат ресурсунда паракорлукка көбүрөөк ыктаган аймак жана тармактардын интерактивдик картасы жайгаштырылган. Карта жарандардын арыздануусу боюнча жаңыланып турган атайын программа менен иштейт.

Ошондой эле порталда жарандар даттанып кайрыла турган бөлүгү бар.

Сайтта коррупцияга каршы күрөшкөн мамлекеттик органдардан чогулган факты, статистика жана башка маалыматтар камтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0