Мамэкотехинспекция: унаалар жана мончолор тыкыр текшерүүдөн өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековВопрос ДПС и Госэкотехинспекции: контролируются ли выхлопы газов в авто?
Вопрос ДПС и Госэкотехинспекции: контролируются ли выхлопы газов в авто? - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамэкотехинспекция жүргүзө турган текшерүүлөр абал иретке келмейинче уланат

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Абада пайда болуп жаткан зыяндуу түтүндү азайтуу максатында автоунааларды экологиялык кароодон өткөрүп, мончолорду текшерүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын маалымат кызматынан кабарлашы.

Эске салсак, кыштын келиши менен Бишкектин үстүн каптаган кара түнүнгө нааразычылык пайда болуп, буга премьер-министр, парламент депутаттары дагы тынчсызданышкан.

"Бул багытта Мамэкотехинспекциянын экологдору текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Абанын бузулушуна тийиштүү нормадан ашыкча уулуу затты бөлүп чыгарып жаткан унаалар себеп болууда. Мындан тышкары, мончолор, өндүрүш ишканалары жана көмүр колдонгон жеке турак жайлар "өз салымын" кошуп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Бишкектеги ТЭЦтен чыккан түтүн кантип чыпкаланат? Башкы инженердин жообу - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги ТЭЦтен чыккан түтүн кантип чыпкаланат? Башкы инженердин жообу
Экологияга ашыкча зыян келтирип, абаны булгап жаткандарга чара көрүлөрү айтылды.

"Буга чейин жеке мончолордо ар кандай желим жана синтетикалык материалдар жагылып, жагымсыз жыт чыгып жатканы боюнча элден арыздар түшкөн. Мындан кийин абаны булгагандарга айып пулдан сырткары, иштетип жаткан ишканасын токтотуу чаралары дагы көрүлөт", — деп эскертишти Мамэкотехинспекциядан.

Текшерүү иш-чаралары абал иретке келмейинче жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0