Эки сүйлөбөйт, беттегенин бербейт! Жигитчиликке карата 7 "болбойт"

Жазылуу
Эрезеге жеткен эркектин эки түрү болот экен. Бири — эр жүрөк, бири — суу жүрөк. Эзелтен элибиз эркек баланы кичинесинен намыска бек, айткан сөзүнө турган, артка кайтпаган эр жүрөк, чыныгы жигит болууга тарбиялаган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жазуучу, ЖК депутаты Каныбек Иманалиевдин "Каганат" адабий китебине таянып чыныгы кыргыздын мырзасына тиешелүү асыл сапаттарды тизмектеп чыкты.

Фестиваль кочевников в ущелье Чункурчак - Sputnik Кыргызстан
Эшекке теңебейт! Бала тарбиялоодогу 7 "болбойт"
Ичи тар болбойт. Айрымдарын карап турсаң ичине бир тоголок таруу айланбайт. Чыныгы жигиттин ичи кең, ат айланып баткыдай айкөл болуш керек. Ошондой эле ниети бузуку эмес, дили ак болгон эркектин гана иши оңолот.

Бок жүрөк болбойт. Эр жигит бок жүрөк эмес, таш жүрөк болот. Ала көөдөк эмес, эр көкүрөк зирек болгону жакшы. Жоо чабышта артында калдайып улуу күч турганда артка чегинбейт. Анда атпай журттун жүзүн, күндүн бетин кантип карайт. Намысты колдон алдырбай, колго алат.

Эки сүйлөбөйт, өтүрүк айтпайт. Чыныгы жигит сөздү пир тутат. Оозу бош эмес, бек болуп, ачууланса да анысын билгизбейт. Элдин көзүнчө жашыбайт. Жигитчилик муң билбейт, кайгыга жеңдирбейт.

Башканын байлыгына сугун артпайт. Тирүүлүктүн азгырыгына да алданбайт. Ошондой эле жоого колтук ачып, элин сатып кетпейт. Жигитчилиги бардын алган жары алдында, журт алдында, күндүн алдында жүзү жарык болот. Жүрөгүндө жалын болуп турушу зарыл.

Регионы Кыргызстана. Ошская область - Sputnik Кыргызстан
Алмашпайт! Баш кийимге карата 7 "болбойт"
Элден чыкпайт. "Эл ичинде бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" дегендей эр жигит ар дайым эл менен бирге болот. Калктын каабына калбайт, жер каратпайт. Эр жигит өлүп баратып да тирүүлөрдүн камын ойлойт. Опузалыгын душманга гана көргөзөт. Жигитчилик кебелбес аскар тоо, бөксөрбөс көл болуш керек.

Жоого колтук ачпайт, андан жазганбайт. Өзгөнүн куйругуна калбыр байлабайт. Жигитчилик туу белде, эрегиште, суу кечкенде, эр учунда, канжыгага кан тамганда, узак жолдо, кийикке барганда, жоо табалаганда, дос күткөндө, бийиктикте, тереңдикте сыналат.

Намыстан тайбайт. Жигит намыс, эрдик жана асыл сапаттан тайганда башынан ак калпагы, колунан кылычы түшүп, астынан аты качат. Жигиттер беттегенден качпай, жериңерди ыйык туткула!

Жаңылыктар түрмөгү
0