Бишкекте Lexus автоунаасын жүктөп жаткан эвакуатор аны түшүрүп жиберди. Видео

© Sputnik / Нурис АлымбаевЭвакуация машин за неправильную парковку в Бишкеке
Эвакуация машин за неправильную парковку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эвакуация кызматы биринчи жолу жумушка чыгып, машинаны жүктөп жатканда аркандардын бирөө үзүлүп кетти

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектеги автоунааларды эвакуация кыла турган кызматтын өкүлдөрү Lexus RX-300 автоунаасын жүктөп жатып, аны түшүрүп жиберишти. Бул тууралуу "Кабар" маалымат агенттиги билдирди.

Окуя Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинен бир аз ылдый жакта болгон. ИИМдин жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын билдиришинче, аталган аймакта машинаны токтотуу эрежелерин бузгандарды аныктоо боюнча рейд жүргөн.

"Эвакуатор Lexus RX-300 үлгүсүндөгү автоунааны жүктөп жатканда алдыңкы дөңгөлөгүндөгү аркандардын бири үзүлүп кеткен. Анын кесепетинен чет элдик машинанын алдыңкы жана арткы капталдары мыйрыйып калган. Болжол менен бир сааттан кийин башка эвакуатор келип, жүктөп кетти", — деп агенттик билдирди.

Эвакуация машин за неправильную парковку в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте эреже бузган унаалар эвакуациялана баштады. Эмнелерди билүү керек
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы келтирилген чыгымды машиналарды эвакуациялай турган компания төлөп бериши керектигин маалымдады. Жабыркаган автоунаанын ээси фирмага арыз жазып, же сотко кайрылуусу керектигин маалымат кызматы кошумчалады.

Буга чейин айтылгандай, 15-январдан тарта Бишкекте туура эмес токтотулган машиналар эвакуацияланмак. Тендердин жыйынтыгында бул иштер менен алектенүүнү "Портал Групп" ЖЧКсы утуп алган. Алар "АЮ Гарант" компаниясы менен камсыздандандыруу полисине кол коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0