17:18 16 Үчтүн айы 2018
Түз эфир
Писательница Топчугуль Шайдуллаева

Шайдуллаева: айылдан келгенде шаардык кыздарды көрүп аябай таң калгам

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Асель Минбаева
77520

Топчугүл Шайдуллаева бала чагында апасынын эс алууга чыкпаганы, өзүнө дегеле көйнөк сатып албаганы, керели кечке талаада оор жумуш менен алек болгонун кадыресе көрүнүш катары кабыл алчу. Айыл жана шаар турмушундагы асман менен жердей айырмачылык анын кыргызстандык коомду изилдөөсүнө түрткү болгон.

Топчугүл Шайдуллаеванын айтымында, Кыргызстанда (дегеле дүйнө жүзүндө) көпчүлүк адамдар аялдарды "мындай кийинет, күйөөсүнө тигиндей сүйлөйт, баласын туура эмес тарбиялайт" деп сындаганга маш.

Эгер кыргызстандык кыз-келиндердин көйгөйлөрү тууралуу кеп кыла турган болсок, Топчугүл Шайдуллаева бул маселенин ийне-жибине чейин жакшы билет. Кыргызстандын аялдар кыймылында гана активдүүлүк көрсөтпөстөн, социология боюнча өз кандидаттык ишинде да аялдар темасын козгогон.

Кийинчерээк Топчугүл Шайдуллаева колхозчу апасына арнап "Кызыл өрүк" деген китебин жазган.

— Бала чагыңыздан баян салсаңыз. Жолуңуз кандай башталган?

— Баткен облусундагы Кара-Булак айылында төрөлгөм. Бул жерде айтылуу айгүл гүлдөйт. Апам колхозчу болгон, атам мектеп окуучуларына электротехниканы үйрөткөн. Журналисттик жолум капысынан, жетинчи класста окуп жүргөнүмдө башталды.

Биздин кыштак накта бир күйүткө тушукту — мончо иштебей калбаспы. Ал биз жууна турган жападан жалгыз жер эле: айылда эч кимдин үйүндө мончо жок болчу.

Мен, катардагы окуучу бул көрүнүштү сынга алган макала жазып, почта аркылуу райондук "Кызыл Туу" гезитине салып жибердим. Дароо эле жарыяланышы мага абдан күтүүсүз болгон. Андан да кызыгы – төрт күн өтпөй жалгыз мончобузду оңдоп коюшканы!

Көрсө, мындай макалаларда камтылгандарга райондук компартиянын бюросу дароо чара көрчү экен. Бир нерсени аңдадым: айтылган көйгөйлөр калемдин учу менен тезирээк чечилет тура. Ошондон тарта көп жаза баштадым. Бишкекке келип, журналисттик окууга тапшырганым да ошондон.

Писательница, активистка женского движения Топчугуль Шайдуллаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева: Совет бийлигинин тушунда – аялдар көп төрөшчү. Бирок, аялдар өз саламаттыгын эске албай, сактануу жолдорун билбей, улам төрөй беришкен

— Борбор шаарга көнүп кетүү жеңил болдубу? Же жаныңызда ата-энеңиз коштоп жүрбөсө…

— Бул жакка тууган эжебиз, анын иниси менен келгем. Бардык экзамендерди мыкты тапшырып, жатаканадан бөлмө алууга жетиштим. Жеке дүйнөм үчүн да, тыйын-тыпыр жагынан да кыйын эле болгон, бирок, кайгырууга убакыт табылчу эмес — күнү-түнү сабак окуур элем.

Бишкекте дароо көзгө урунган бир көрүнүш: шаардык кыздар көп окушчу, көп күлүшчү, сонун көйнөктөрдү кийишчү. Ал эми көз алдыма колхозчу апам тартылат: оор шарттарда качан болсо оокат менен алек. Кийинүү, эс алуу дегенди билбейт эле.

Бала кезимде муну капарга илчү эмесмин, себеби, бүт айылдык аялдар ушундай турмуш кечиришчү. Мында баарын башкача кылса болорун түшүндүм. Ошентип илимий кызматкер катары кыргызстандык айылдык аялдар тууралуу изилдей баштадым. Аспирантурага ташпырып жатканымда эле "Кыргыз айылдык үй-бүлө: структуралык-функционалдык анализ" деген темада илимий ишимди эбак даярдап койгом.

— Кыргызстандык айылдык кыз-келиндердин эң башкы көйгөйү катары эмнени атайт элеңиз?

— Совет бийлигинин тушунда – колхозчу аялдар көп төрөшчү. Биздин аң-сезимибизде балдар – үй-бүлөнүн башкы баалуулугу. Баары көп балалуу болгусу келет, бардык аракетибиз алар үчүн. Бирок, аялдар өз саламаттыгын эске албай, сактануу жолдорун билбей, улам төрөй беришкени кооптуу!

Совет маалында баары планга негизделген: түшүм жыйноо, заводдогу иш. Ал эми үй-бүлөнү пландаштыруу жөнүндө дегеле кулагыбыз чалбаган. Айыл-кыштактарда бойго бүтүрбөй, сактануу ыкмаларын аялдар билишчү да эмес.

Писательница, активистка женского движения Топчугуль Шайдуллаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева: Үй-бүлөнүн эң жакшы калыбы — бир күйөө менен бир жубайдын биримдиги

— Көп аял алуу Кыргызстанда кылмыш катары каралат. Бирок, БУУнун калк фондусунун (ЮНФПА) маалыматы боюнча кыргызстандык аялдардын бир пайызы көп аялдуулукка баш ийген. Балким, Кылмыш кодексинен бул беренени алып салууга мезгил жеткендир?..

— Азыркы чакта коомубузда көп аялдуу нике толкуну ура баштаганы — артка чегингендик. Үй-бүлөнүн эң жакшы калыбы — бир күйөө менен бир жубайдын биримдиги. Адамзат миңдеген жылдар бою никенин бардык: көп аялдуулук (көп күйөөлүүлүк), топ-топ түрүн башынан өткөргөн. Жыйынтыгында өзүнөн өзү бир аялдуу (бир күйөө) түрүн тандап алган.

Адам бир убакта эки кишини бирдей күчтө сүйө албасын так билем. Бул өзүн өзү алдоо! Эркектер жөн гана өздөрүн актап жатышат, турмушта андай болбойт. Мындан улам аялдар да, балдар да азап чегет.

Андан тышкары, көп аялдуулук болгон жерде эрте баш кошуу да бар. Эркектер аялдыкка жапжаш, билим алууга да, иштөөгө да үлгүрбөгөн кыздарды алышат. Алар өмүр бою күйөөлөрүнөн көз каранды. Алардын тагдырына ким жооп берет? Эч ким.

— Жарандардын 90 пайызы кыздын намысы анын бактысынын ачкычы деп санашат. Бул пикирге кошуласызбы?

— Менимче, бул маанилүү. Кыздын ыйманы анын тагдырына сөзсүз таасир этет. Кантсе да, кылымдардан сакталып келаткан баалуулугубуз. Башка тараптан да кыздын абийири бактылуу никеге кепил болбойт. Бул ар бир адамдын жеке иши бойдон калсын.

— Дагы бир өтө кылдат жана оор маселе — бул эмгек миграциясы…

— Табиятынан үйгө – өз очогуна байланганына карабастан, азыркы тапта өлкөдөн кеткен аялдардын саны эркектерге караганда арбып барат. Негизинен, кыздарыбыз акылдуу, күчтүү, билимдүү, бирок, чет өлкөгө аргасыз бет алышууда.

Болгондо да кыздар дал эне болор курагында өлкөдөн кетип жатышат. Мындай бакыт таткандын ордуна бөтөн бир жерде жашоо менен алышып жүрүшөт. Бул абдан чоң көйгөй.

Дагы бир жагдай: биздин татына, акылдуу, таланттуу кыздарыбыз чет өлкөлүктөргө турмушка чыгууда. Тигилер да өз кезегинде эң мыктыларды алып кетип жатышат. Биздин коом үчүн мындай айымдардын чет жерге кетиши жакшы көрүнүш эмес.

Писательница, активистка женского движения Топчугуль Шайдуллаева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жазуучу Топчугүл Шайдуллаева: кескин феминизмди мен колдобойм. Ошол эле учурда өз укуктары үчүн күрөшкөн аялдардын ролун да унуткарбоого тийишпиз. Чыгышта да, батышта да бизди киши катарына көрбөгөн мезгилдер болгон

— Кыргызстанда аялдардын 38 жана эркектердин 45 пайызы алыста иштеген аялдар жаман жолго түшөт деп ойлошот. Мындай шек саноо эмне менен байланыштуу?

— Бизде баарынан аялдар сынга көп кабылышат. Үйлөрүнө канча акча жиберип жатканын унута аларды кеп кылганга кыйынбыз. Окумуштуу катары кыргызстандык аял туурасында бир тараптуу айта албайм, анткени, соңку кезде гендердик ролдор аябай алмашып калды. Кыргызстандык кыз-келиндердин арасында эле жиктелүү чоң. Алтургай, эмгек мигранттарынын арасында да. Он киши бир батирде жашаганы да бар, ийгиликтүү ишкер айымдары да жок эмес.

— Феминизм демилгесинин кеңири тарап баратышына кандай карайсыз?

— Кескин феминизмди мен колдобойм. Ошол эле учурда өз укуктары үчүн күрөшкөн аялдардын ролун да унуткарбоого тийишпиз. Чыгышта да, батышта да бизди киши катарына көрбөгөн мезгилдер болгон. Эмгек, билим алуу, добуш берүү укуктары үчүн күрөшкөн феминисттерди аеосуз жазалап, алардын жол башчыларын дарга асышкан.

Дал ошол тайманбас, жалтанбас айымдардын аркасы менен көптөн күткөн эркиндикке жеткенбиз. Бирок, бул эркиндик – абдан аяр жана кымбат. Ушундай баалуулуктан өз ыктыяры менен баш тарткан кыргызстандык кыздар пайда болгону мени түйшөлтөт. Түйшүктү артынуу жеңил, андан арылуу — татаал.

Тема боюнча

Актриса Таалайкан Абазова: министрдин аялы болгон чоң жоопкерчилик экен
Нурсултан Майназаров: Аравияда жоголуп кеткем, мени эч ким деле издебептир
Белгилер:
салт, кыздар, төрөт, ишкер, Топчугүл Шайдуллаева
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ