Сак болуңуздар! Боомду коюу туман каптады. Видео

Жазылуу
ӨКМ ар бир унаада кышкы дөңгөлөк, күрөкчө, чынжырча жана аптечка болушу керектигин эскертет

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолун туман каптап унаа айдоочуларына кыйынчылык жаратууда. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, Боом капчыгайынын Кеминге чейинки аймагына туман түшкөн. Мындан улам алдыдагы 50 метр аралык да көрүнбөй калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин саат 14.20га карата берген маалыматы боюнча өлкө аймагындагы альтернативдүү жолдордо каттам ачык. Бишкек — Ош унаа жолунун "Сосновка" жана "Арал" бекеттеринде оор жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө.

Бишкек — Ош жолунда таш кулап жеңил унааны басып кала жаздаган - Sputnik Кыргызстан
Ош — Бишкек жолунда кулаган таш машинеге тийип кишилер жабыркады. Сүрөт
Унаа жолдор ӨКМдин көзөмөлүндө, ал эми Транспорт жана жолдор министрлиги менен Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тиешелүү иш-чараларды жүргүзүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып 13-16-январь күндөрү жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондоруна, Төө-Ашууга, Ала-Бел ашуусуна жана Чычкан капчыгайына кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн экенин кабарлаган.

Ошондой эле жолдор тайгак болору айтылган. Мындан улам тоолуу жолдор аркылуу сапарга чыгып жаткан айдоочуларга аба ырайы тууралуу маалыматка көңүл буруп, унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зарылдыгы белгиленген.

Мындан тышкары, кышкы дөңгөлөк, чынжырча жана аптечка ар бир унаада болушу керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0