Бишкекте смартфондун баасы эмнеге кымбаттап жатканын адистер айтып берди

© REUTERS / David GrayiPhone X телефону. Архив
iPhone X телефону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Смартфондордун баасы тууралуу экономика министринин орун басары жана бир катар адистер пикирин билдирди

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) сатуучулары смартфондордун баасын кымбаттатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине окурмандар билдирди.

Ошондой эле редакцияга дагы "Apple компаниясынын телефондору чындап эле кымбаттап жатабы" деген суроо менен бир нече жаран кайрылды.

"Бүгүн ЦУМга баргам. Сатуучулар iPhone телефонунун баасы болжол менен 45 долларга кымбаттаганын айтышты. Мындай кымбаттоону ЕАЭБде Бажы кодексинин күчүнө кириши менен түшүндүрүштү", — деди окурмандардын бири.

Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Машиналар эки эсе арзандайт. Унаа базарынын жаңы доору тууралуу
Дагы бир окурман "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн сатуучулары кийинки аптадан тарта смартфондордун баасын кымбаттатууну болжолдоп жатканын айтты.

"Эртең, бүрсүгүндөрдөн iPhone телефонунун баасы сезилерлик эле кымбаттай турганын айтышты. Сатуучулар Дубайда техникалык продукцияларга болгон кошумча нарк салыгынын кымбатташына байланыштуу деп жатышат", — деди окурман.

Ал эми экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков телефондордун кымбатташы ЕАЭБге байланыштуу эместигин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков
Директор агентства по продвижению инвестиций Алмаз Сазбаков - Sputnik Кыргызстан
Экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков

Ал ошондой эле эгер баалар Бажы кодексинин айрым пункттары боюнча кымбаттай турган болсо, импорттолгон бардык товарлар кымбатташы керек эле деп кошумчалады.

"Кымбаттоонун ЕАЭБдин Бажы кодексине эч кандай тиешеси жок. Бул документтен тышкары импорттолгон телефондорго таасир бере турчу эч нерсе күчүнө кирген жок. Эгер телефондун баалары чындап эле көтөрүлсө, аларга башка факторлор таасир берген", — деди Сазбаков.

Борбор калаада Apple компаниясынын продукцияларын саткан ишкерлердин бири абал боюнча пикирин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Дүкөндө тамеки сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда тамеки кымбаттады
Анын айтымында, Дубайда техникага карата салыкты беш пайызга көтөрүү боюнча мыйзам кабыл алынат экен деген маалымат учурда Бишкектеги ишкерлер арасында жүрүүдө. Башкача айтканда iPhone X телефону 1000 доллар болсо, мыйзам кабыл алынгандан кийин 1050 доллар болуп калат.

"Балким бул Дубайда телефондун таңкыстыгына байланыштуу болушу ыктымал. Жаңы жыл алдында бардыгын сатып алышты, жаңы продукция рынокко чыга элек. Кампаларда аз эле телефон бар, айфон бардыгына жетпейт, талап да күчтүү. Андыктан баалар атайылап көтөрүлүп жатат. Корко турчу деле эч нерсе жок. Мындай нерсе жыл сайын эле болот", — деди ишкер.

"Евразиялыктар — жаңы толкун" фондунун өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Денис Бердаков болсо бажы алымдары жаатында телефондордун баасына таасир берүүчү эч нерсе өзгөрбөгөнүн айтып, айрым соодагерлер бааны атайылап көтөрүүгө аракет кылып жатканын кошумчалады.

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Евразиялыктар — жаңы толкун" фондунун өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Денис Бердаков
Председатель Молодежного аналитического клуба КР Денис Бердаков - Sputnik Кыргызстан
"Евразиялыктар — жаңы толкун" фондунун өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары Денис Бердаков

Ал ошондой эле Apple компаниясынын продукциялары Бириккен Араб эмирлигинде КМШ мамлекеттерине салыштырмалуу бир топ арзан турарын белгиледи. Буга чейин айрым жеткирүүчүлөр Дубайдан алган телефондорду Кыргызстанга көмүскө түрдө алып кирип, тийиштүү деңгээлде документтерди толтурбай аны Бишкектен кымбат сатып келишкен.

"Азыр ЕАЭБдин эрежелери күчүнө кирип жатат, көмүскө түрдө товарларды алып келүү дээрлик мүмкүн болбой калат. Андыктан товар жеткирүүчүлөр бааны атайылап көтөрүп жатат", — деди ал.

ЕАЭБдин Бажы кодекси 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0