Бишкек — Ош жол каттамдары ачылып, унаалар өтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек — Ош жолундагы автоунаа. Архив
Бишкек — Ош жолундагы автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Унаа жолдо тыгылып калган машиналарды тартып чыгаруу максатында КР Куралдуу күчтөрүнүн штабы тарабынан бөлүнгөн эки МТ-ЛБ аскер чиркегич унаасы (тягач) нөөмөттө турат

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында жол каттамдары ачык. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалымат 14-январь, саат 9.30га карата алынган. Ага ылайык Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы "Арал" постунда оор жүк ташуучу унаалар 500 метр аралык менен өткөрүлүүдө. Ошондой эле республиканын башка аймактарында дагы жол каттамдары ачылды.

Белгилей кетсек, кечээ саат 17.00дөн тарта "Сосновка" өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген болчу.

Бишкек — Ош унаа жолунда тыгылып калган унааларды тартып чыгаруу максатында КР Куралдуу күчтөрүнүн Штабы тарабынан бөлүнгөн эки МТ-ЛБ аскер чиркегич унаасы (тягач) 231-чакырымында (Итагар) жана 132-чакырымында (Төө-Ашуу) нөөмөттө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0