Мэрия Бишкектин көчөлөрүндөгү башаламан сооданы жөнгө салууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүВ Российской Федерации вступает в силу новый "Технический регламент на табачную продукцию"
В Российской Федерации вступает в силу новый Технический регламент на табачную продукцию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аламүдүн-1 кичи районунда Ауэзов көчөсүн бойлой көчөдө соода кылгандар тыкыр көзөмөлгө алынып, эскертүү берилген.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Борбор калаада башаламан соода-сатык кылгандар теске салынууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн-1 кичи районунда Ауэзов көчөсүн бойлой көчөдө соода кылгандар тыкыр көзөмөлгө алынып, эскертүү берилген.

"Мындан улам 50гө чукул баш аламан тигилген чатыр жана темир тосмолор алынып, мыйзамсыз соода-сатык кылгандар толугу менен тазаланды", — деп жазылат маалыматта.

Аталган аймакта мындан ары соода-сатык кылбоо тууралуу башкаларга эскертүү берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0