Комузчу Фахридин Баяков көз жумду

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын-импровизатор Азамат Болгонбаев
Акын-импровизатор Азамат Болгонбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баяков комузчулуктан сырткары бир топ шакирттерин тарбиялаган

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Кыргыз эл артисти, белгилүү комузчу, профессор Фахридин Баяков катуу оорудан дүйнө салды. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Маалыматта 69 жаштагы комузчунун 12-январда Ош шаарында оорудан көз жумганын айтылган.

Панихида и похороны Темира Джумакадырова - Sputnik Кыргызстан
Кошкула, жакшылар! 40тын кырында дүйнө менен кош айтышкандардан тарта...
Баяков көп жылдан бери ОшМУнун искусство факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, музыкалык аспаптарда аткаруу кафедрасында профессор эле. Андан сырткары, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облутук филармонияда комузчу-аткаруучу, ОшМУнун "Таланттар академиясында" студенттерге устаттык кылып келген.

Баяков 1949-жылы 11-февралда Тажикстандын Жерге-Тал районунун Дувана айылында туулган. 1967-жылы Ош облусуна караштуу Кадамжай районунун Жданов атындагы орто мектебин бүтүргөн. 1967- 1971-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун "хорго дирижёрлоо" бөлүмүн аяктаган.

Бир уул, эки кыздын атасы. Бир кызы Аида Баякова Кыргызстандагы таланттуу скрипачтардын бири.

Жаңылыктар түрмөгү
0