Бишкектин айрым аймактарында дээрлик эки жума газ болбойт

© AP Photo / Joerg SarbachОтключение газа в Бремене
Отключение газа в Бремене - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы мындай оңтойсуз абал оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу экенин эскертет

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын айрым аймактарында дээрлик эки жумага жакын газ болбойт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы тараткан маалыматта айтылат.

Ага ылайык, 15-январдан 26-январга чейин газ өчөт.

15-16-январда Бишкек шаарынын Сагынбай көчөсүндөгү №77 дарегинде;

Загрязнение воздуха в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкекти каптаган кара түтүн: Исаков ТЭЦтин абаны булгаганына тынчсызданды
15-26-январда Бишкек шаарынын Красный строитель, Керамическая жаңы конуштарында, Төмөнкү Ала-Арча айылында, Анжиян, Логвиненко, Биринчи май, Зеленая, Колхозная, Киргизская, Белинский, Коллективная, Аул, Новосельская көчөлөрүнүн, Аул чакан көчөсүнүн, чакан Чүй каналынын кесилишкен аймактарында газ болбойт.

"Газпром Кыргызстан" ЖЧКсы мындай оңтойсуз абал оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу экенин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0