Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Жолдор тоңголок жана тайгак болот

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Ишемби күнү кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ага ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.

Принудительный спуск снежных лавин на автодороге Бишкек-Ош - Sputnik Кыргызстан
Бишкек — Ош жолуна кар көчкү түшөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 3 градус сууктан 2 градуска чейин жылыса, Таласта 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу болот. Ош, Жалал-Абад жана Баткенде 1…6 градус жылуу болору айтылды. Ал эми Ысык-Көлдө 2 градус сууктан 3 градуска чейин жылуу болот. Нарын облусунда болсо —5…-10 градус суук болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан чачын күтүлбөйт. Күндүн табы 1…4 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0