Улуттук банк тыйын кабыл албай койгон гипермаркеттер менен кафени жазалады

Жазылуу
Социалдык эксперимент учурунда бир катар соода жана тамактануу жайлары тыйын алуудан баш тартышкан

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Улуттук банк тыйын алуудан баш тарткан Globus, "Фрунзе" гипермаркеттери менен "Фаиза" кафесине айып салды. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Sputnik радиосунун түз эфиринде билдирди.

Тыйын албайбыз, нормальный акча бергиле! Бишкектин белгилүү кафесиндеги окуя - Sputnik Кыргызстан
Тыйын албайбыз, "нормальный" акча бергиле! Бишкектин кафе, дүкөндөрүндөгү эксперимент
Белгилей кетсек, Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисттери борбор калаадагы соода жана тамактануу жайларында тыйын менен төлөөгө аракет кылышкан. Бирок көпчүлүк соода түйүндөрү тыйынды албай турганын айтышкан.

Буга чейин аталган материал чыккандан кийин коомдук жайлардын кызматкерлерине карата 500 сомдон 3 миң сомго чейин айып салынганын Улуттук банктын маалымат кызматы кабарлаган.

Банктын төрагасы Абдыгулов Sputnik радиосунун түз эфиринде тыйындар дагы улуттук валюта экенин айтып, Кыргызстандын аймагында кабыл алынышы керектигин баса белгиледи.

"Маалымат аларыбыз менен дароо аракеттерди көрдүк. Тыйындар улуттук валюта болуп саналат, Кыргызстан аймагында тигил же бул кызматты көрсөтүп жаткан соода түйүндөрү тыйынды кабыл алууга милдеттүү. Ар бир кыргызстандык керек болсо 1 тыйындыктар менен да төлөй алат", — деди ал.

Улуттук банктын төрагасы ушундай пайдалуу социалдык эксперименттер көп болушу керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0