Үйлүү болгуңуз келеби? Мамлекеттик ипотека тууралуу эмнелерди билүү керек

© Sputnik / Михаил ДудинПогода в Бишкеке
Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ипотекалык насыянын учурдагы шарттарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар

2015-жылдан тарта "Мамлекеттик ипотекалык компания" ААКсы иштей баштаган. Бул убакыт аралыгында мамлекеттик ипотеканын шарттары дагы өзгөрдү. Эң актуалдуу суроолорго ишкананын өзүнөн жооп беришти.

Ипотеканы ким колдоно алат?

Строительство жилых домов в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: быйыл ипотекалык насыя бардык жарандарга 8% менен бериле баштайт
Жашы 21ден ылдый эмес медиктер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер ала алышат. Бул кесиптер боюнча эмгек стаж үч жылдан кем эмес болуусу шарт. Келечекте ипотека алуучулардын катарын кеңейтүү пландалууда. Алардын ичинен артыкчылык көп балалуу үй-бүлөлөргө, мамлекеттик же коомдук кызмат учурунда каза болгондордун туугандарына берилет.

Максималдуу сумма канча?

3 миллион сом.

Пайыздык чендин көлөмү

Алгачкы төлөмгө (10-30 пайыз) жараша 8-10 пайыз менен берилет. Тагыраагы, алгачкы төлөм канчалык көп болсо насыя пайызы ошончо төмөн болот. Эгер алгачкы төлөмдүн 10 пайызын берсеңиз — насыя 10 пайыз менен берилет. Ал эми 8 пайыз менен алуу үчүн алгачкы төлөмдүн 30 пайызын берүү керек.

Төлөп бүтүүгө канча убакыт берилет?

Максималдуу убакыт — 15 жыл.

Кандай документтер керектелет?

Программага катышуу үчүн арыз анкетасы. Ошондой эле эмгек китепчеси, паспорт, нике жана балдардын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн (акыркы үч документтин түп нускасы дагы керек) көчүрмөсү. Мындан тышкары, балалуу же балалуу эместиги, акыркы үч жылда үй алып же саткандыгы жөнүндө маалымкат зарыл.

Мен үй куруп же куруп бүтүргүм келсе арыз жазсам болобу?

Ооба, шарттары батир алып жаткандагыдай эле. Суммасы 3 миллиондон ашпашы керек болгон насыя 15 жылга чейин берилет. Курулуш иштерин бүтүрүүгө 18 ай берилет. Курулуш иши жүрүп жаткан учурда пайыздык чен 12, үй бүткөндө 8 пайызды түзөт.

Мен мамлекеттик кызматкер эмесмин, демек насыя алалбайт экенмин да?

Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башчысы Бактыбек Шамкеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Шамкеев: мамлекеттик ипотека алчулардын кирешеси 25 миң сомдон кем болбошу керек
Учурда ала албайсыз. Бирок 2018-жылдын биринчи жарымында Германия өнүктүрүү банкынын каражатынын арты менен мамлекеттик эмес кызматкерлерге дагы бериле баштайт. Бирок шарттары бир аз башкачарак. Насыя 14 пайыз менен берилип, турак жайларды Бишкек менен Оштон алууга жол берилбейт. Анткен менен январь айынын башында президент Сооронбай Жээнбеков быйыл мамлекеттик эмес кызматтарда иштегендер ипотекалык насыяны 8 пайыз менен алууга болорун билдирип, ал кайсы булактан каржыланарын так айткан эмес.

Насыя төлөп жаткандар мамлекеттик ипотека ала алышабы?

Ипотекалык насыя алуу мүмкүнчүлүгү анын көлөмүнө жана төлөмдөрүнө жараша болот. Ага карата банктардын адистери бүтүм чыгарышат.

Үйүм бар болсо деле арыз бере аламбы?

Эгер үйдүн аянтын кеңейткиңиз келсе алсаңыз болот. Бирок биринчи кезекте үйсүз адамдарга берилет. Ошондой эле акыркы үч жылдын ичинде кыймылсыз мүлк боюнча жарандык келишимдер (сатып алуу-сатуу) түзүлбөгөн болушу керек.

Талапкерлердин тизмесин ким түзөт?

Жергиликтүү администрациялар (жашаган жери боюнча) менен жергиликтүү мамлекеттик органдардын бөлүмдөрү (иштеген жери боюнча). Программанын иши депутаттар, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомчулук тарабынан көзөмөлдөнөт.

Тизме түзүүдө коррупция жаралбайбы?

Жериндеги жетекчилик түзүлүп жаткан тизмеге толук жоопкерчилик алат. Тандоо процесси ачык жана таза өтөт. Кийин тизме мамлекеттик компаниянын сайтына жарыяланат. Мыйзам бузулган учурлар болсо укук коргоо органдарына маалымат берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0