Саша Рипптин атасы: рахмат, кыргызстандыктар, уулум ракты жеңди!

© Sputnik / Алексей Павлишак / Медиабанкка өтүүОтдых в Евпатории
Отдых в Евпатории - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекендештери кыргызстандык бөбөктүн рактан дарыланышы үчүн чоң суммадагы акчаны чогултууга жардам берген

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Эки жашар бөбөк Саша Риппти дарылоо аяктады. Бул туурасында баланын атасы Антон Рипп социалдык тармакка жазды. 

Жакшы кабарды ал "Спасти рядового Саньку” деп аталган Facebook топко жайгаштырган.

“Жаңы жыл керемет менен башталды. Силерсиз колубуздан эч нерсе келмек эмес. Дарылоо аягына чыкты! Өзүбүзгө эми гана келип баштадык. Ар бириңиздерге көңүл бөлө албаганыбыз үчүн кечирим сурайбыз. Баарыңыздарды чоң бир үй-бүлөгө, биздин бүлөгө бириктирип жатабыз!", — деп жазган Рипп. 

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Антон Рипп уулу Саша менен Түштүк Кореядан 8-январда кайтып келгендигин айтып, мекендештерге ыраазылыгын билдирди.

Краевой центр лабораторных технологий в Краснодаре - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар ракты дарылоонун дагы бир жолун тапканын айтышты
"Баарыңыздарга чексиз ыраазыбыз. Миңдеген мекендештерибиз четте калбай, биринчилерден болуп кол сунду. Андан сырткары онкологиялык илдетке чалдыккан балдарга көмөк көрсөткөн Help the children SKD фондусуна чоң рахмат", — деди ал.

Дарыгерлер кыргызстандык бөбөк Саша Рипп өтө залалдуу шишикке кабылганын айтып, рак деген диагноз койгон. Баланын Кореяда операция болушуна 337 миң доллар зарыл болуп, акырында бул акча кайдыгер карабаган кыргызстандык жарандардын жардамы менен чогулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0