ӨКМ: Бишкек — Ош унаа жолунда тыгын жок

© Фото / Александр ФедоровПеревал Тоо-Ашуу на автодороше Бишкек - Ош
Перевал Тоо-Ашуу на автодороше Бишкек - Ош - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Сосновка" постунда саат 12:00дөн баштап чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкек — Ош автожолунда унаа тыгыны жок экенин ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 11-январда, аба ырайы бузулгандыктан ӨКМдин ыкчам тобу Бишкек — Ош жолундагы Төө-Ашууга жана Чычкан капчыгайына жөнөп кеткен.

"Унаа жолдо тыгындар жок. Жол тейлөө кызматынын атайын унаалары тазалоо иштерин жүргүзүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

"Сосновка" постунда саат 12:00дөн баштап чоң оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген. Саат 17:45ке карата постто 20 оор жүк ташуучу унаа турат.

Министрлик өзгөчө кырдаалга туш болгон жүргүнчүлөрдөн 112 акысыз кызматына чалуусун өтүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0