Окумуштуулар: майлуу тамак жесе да кишини семиртпей турган азык табылды

© AFP / VANDERLEI ALMEIDAСемиз аял. Архив
Семиз аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чычкандардын азыгына кара калемпирдин уругунан жасалган, жыттуу мурчту кошуп бере башташкан. Анын жыты ваниль же корицаны эске салган.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Шри-Венкатешварск университетинин окумуштуулары канчалык майлуу тамак болбосун, аны кошуп жегенде киши арыктай турган азыкты аныктап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости Nutrition and Metabolism журналына шилтеме берип кабарлады. 

Сулуулук сынагынын катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салмак кошкон кыргызстандыктар көбөйүп баратат! Себебин диетолог түшүндүрдү
Илимпоздор семиздиктен жапа чеккен чычкандарга тажрыйба жасашкан. 22 апта бою аларга майлуу тамак беришкен. Ал эми тажрыйбанын 16-жумасында аларды көзөмөлгө алган жана тажрыйба жасаган топторго бөлүшкөн. Биринчи топтогу чычкандардын азыгына гелиотропин деп аталган кара калемпирдин уругунан жасалган, жыттуу мурчту кошуп бере башташкан. Анын жыты ваниль же корицаны эске салган.

22 аптанын соңунда тажрыйба жүргүзүлгөн жаныбарлардын майсыз денесинин көлөмү көбөйгөн. Чучуктарынын минералы арбыган. Андан сырткары, келемиштер мурчту жегенден кийин гелиотропин алардын канындагы кантты азайтканы байкалган.

Окумуштуулар гелиотропин организмди семирткен гендерди башкара аларын жана ал арыктатуучу каражат катары колдонулушу мүмкүн деген божомолун айтышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0