Ош шаарында коомдук транспорт иретке келтирилип жатат

© Фото / Зульфия ТургуноваЦеремония вручения ключей от 30 новых автобусов в Оше
Церемония вручения ключей от 30 новых автобусов в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эреже бузган айдоочуларга административдик чара көрүлүп, 12 кичи автобус бир айга, 17 кичи автобус 10 күнгө жумушунан четтетилген.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ош шаарында бир ай ичинде жол эрежесин бузган 214 факт катталса, анын 59у кичи автобустар болуп чыкты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин тапшырмасы менен бир айдан бери шаарда коомдук транспортту иретке келтирүү жана жүргүнчүлөрдү ташууда эрежелерди сактоо боюнча рейд өткөрүлүп жатат.

"Рейд учурунда жол эрежесин бузган 214 факт катталса, анын 59у жүргүнчү ташыган кичи автобустар болуп чыкты. Эреже бузган айдоочуларга административдик чара көрүлүп, 12 кичи автобус бир айга, 17 кичи автобус 10 күнгө жумушунан четтетилген. Ал эми беш кичи автобустун айдоочусуна сөгүш берилип, башкаларына 1000 сом өлчөмүндө айып пул салынган", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, калаанын борбордук көчөлөрүнүн кесилишине унааларын коюп, уруксат кагаздары жок шаардан шаарга каттаган таксисттерге да административдик чаралар көрүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0