Борбор Азиядан жалгыз Кыргызстан туризм багытындагы рейтингдин тизмесине кирди

Жазылуу
Passion Passport — саякатчыларды, фотографтарды жана блогерлерди бириктирген платформа

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстан популярдуу Passion Passport саякат блогунун версиясы боюнча 2018-жылдын туризм багытындагы алдыңкы 20 мамлекеттин катарына кирди.

Кыргызстандагы кышкы эс алуу: кайсы жерге кантип жетип, канча акча кетирип, эмне менен алектенсе болот? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы кышкы эс алуу: кайсы жерге канча акча менен эс алса болот
Тизмеге туристтерге абдан жаккан 20 эс алуу жерлери камтылган. Жеңүүчүлөр туристтер берген баага жараша аныкталган.

Рейтингдин алдыңкы сабына Дания королдугуна караган Фарер аралдары кирген. Экинчини Пакистан ээлесе, үчүнчүгө Иран татыган. Ал эми 4-5-орундарды Сингапур менен Норвегиядагы Лофотен аралдары бөлүшүп алган.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн тизмеге Кыргызстан гана кирип, 18-орунду ээледи.

Passion Passport — саякатчыларды, фотографтарды жана блогерлерди бириктирген платформа. Анын Instagram тармагындагы баракчасы дүйнөдөгү эң мыкты 15 баракчанын катарына кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0