Чуулгандуу B0001W номерин дагы бир машинага тагып жүргөн киши кармалды

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРАвтомобиль Mersedes Gelandewagen с госномером B0001W на штрафстоянке
Автомобиль Mersedes Gelandewagen с госномером B0001W на штрафстоянке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалган номерди автониспектерлор чечип алып, ал эми айдоочу боюнча администрациялык протокол түзүлүп, жыйналган материлдар сотко берилди.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Чуулгандуу B0001W жасалма мамлекеттик номери менен жүргөн "Даймлер-Крайслер G-400" автоунаасынын ээси кармалды деп билдирди ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы.

"Текшере келгенде, B0001W номери "Лексус LX-570" жолтандабасына катталган болуп чыкты. 32 жаштагы киши айдап жүргөн "Даймлер-Крайслер G-400" атайын кайтаруудагы автокороого токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КРГосударственный номер B0001W, который был установлен на двух внедорожниках
Государственный номер B0001W, который был установлен на двух внедорожниках - Sputnik Кыргызстан
Государственный номер B0001W, который был установлен на двух внедорожниках

Ал жалган номерди автониспектерлор чечип алып, ал эми айдоочу боюнча администрациялык протокол түзүлүп, жыйналган материлдар сотко берилген.

Безопасность на дорогах Парижа - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда эң көп бузулган жол эрежелери
Эске салсак, 31-декабрда Lexus-570 менен Gelandewagen үлгүсүндөгү жол тандабастарга мамлекеттик окшош номерлер тагылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирген. Автоунаалар Жукеев-Пудовкин менен Саманчин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин жатаканасынын алдында токтоп турган.

Ал эми Мамкаттоо кызматы Lexus 570 менен Gelandewagen үлгүсүндөгү автоунаа бир кишинин атына катталгандыгын кабарлаган.

Мыйзамга ылайык, жалган мамлекеттик номерди колдонгондорго соттун чечими менен 5 миң сомго чейин айып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0