19:48 09 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR84.5647
  • RUB1.0428
Коом
Кыскача шилтеме алуу
765 0 0

Жалган номерди автониспектерлор чечип алып, ал эми айдоочу боюнча администрациялык протокол түзүлүп, жыйналган материлдар сотко берилди.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Чуулгандуу B0001W жасалма мамлекеттик номери менен жүргөн "Даймлер-Крайслер G-400" автоунаасынын ээси кармалды деп билдирди ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалымат кызматы.

© видео очевидца, отправленное по Whats App-каналу
Бишкекте окшош номер менен жүргөн эки жол тандабас табылды. Видео

"Текшере келгенде, B0001W номери "Лексус LX-570" жолтандабасына катталган болуп чыкты. 32 жаштагы киши айдап жүргөн "Даймлер-Крайслер G-400" атайын кайтаруудагы автокороого токтотулду", — деп айтылат маалыматта.

Государственный номер B0001W, который был установлен на двух внедорожниках
© Фото / пресс-служба ГУОБДД МВД КР
Государственный номер B0001W, который был установлен на двух внедорожниках

Ал жалган номерди автониспектерлор чечип алып, ал эми айдоочу боюнча администрациялык протокол түзүлүп, жыйналган материлдар сотко берилген.

Эске салсак, 31-декабрда Lexus-570 менен Gelandewagen үлгүсүндөгү жол тандабастарга мамлекеттик окшош номерлер тагылганын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирген. Автоунаалар Жукеев-Пудовкин менен Саманчин көчөлөрүнүн кесилишиндеги Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин жатаканасынын алдында токтоп турган.

Ал эми Мамкаттоо кызматы Lexus 570 менен Gelandewagen үлгүсүндөгү автоунаа бир кишинин атына катталгандыгын кабарлаган.

Мыйзамга ылайык, жалган мамлекеттик номерди колдонгондорго соттун чечими менен 5 миң сомго чейин айып салынат.

Тема боюнча

Жол тандабастарга тагылган окшош номерлер кайдан чыккан
Бишкекте окшош номер менен жүргөн эки жолтандабас табылды. Видео
Белгилер:
айыппул, мамлекеттик номер, жолтандабас, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ