Алия Шагиева Кытайдагы эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө чакырылды

© Фото / Ажара ШабдановаЭкс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиеванын архивдик сүрөтү
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы, сүрөтчү Алия Шагиеванын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шагиеванын эмгектери өткөн жылдын октябрь айында Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин сүрөттөрү менен биргеликте Украинада көрсөтүлгөн

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Жаш сүрөтчү Алия Шагиева Пекин шаарында өтчү эл аралык сүрөт көргөзмөсүнө чакыруу алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазды. 

"Мен жооп берүүгө шашылган жокмун. Анткени аларга ири өлчөмдөгү сүрөттөрдү февраль айынын аягына чейин көрсөтүшүм керек экен. Убакыт абдан тардай сезилди. Бирок мен жакшылап ойлонуп көрүп, сунушка макул болдум", — деп жазды Шагиева.

Мындан тышкары, сүрөтчү бир аз мурда эле өзүн бир орундан жылбай тургандай сезип жаткандыктан, бул сунушту "жылуу уядан" чыгууга түркү катары кабыл алганын кошумчалады.

Эске салсак, Шагиеванын эмгектери өткөн жылдын октябрь айында Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев жана Айгүл Касымованын сүрөттөрү менен биргеликте Украинада көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0