Окумуштуулар эркектин жыты аялга кандай таасир берерин аныкташты

© AFP / JOHANNES EISELEКучакташып бийлеп жаткан кыз-жигит. Архив
Кучакташып бийлеп жаткан кыз-жигит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башка эркектин жытын искеген аялдар стресске кабылса, түгөйүн жыттагандар өздөрүн жакшы сезген

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Түгөйүнүн жыты аялдар кабылган стресстин күчүн басаңдатат. Бул тууралуу РИА Новости Канададагы британиялык университеттин психологдоруна таянып жазды. 

Изилдөөгө 96 жуп катышкан. Эркектерге таза көйнөк берилип, аны 24 саат чечпей жүрүү тапшырмасы берилген. Ошондой эле бул убакыт аралыгында дезодорант, атыр себинүүгө жана тамеки тартууга тыюу салынган. Бир сутка өткөндөн кийин көйнөктөгү жыт сакталып турушу үчүн тоңдурулган.

Үй-бүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлөлүүлөр жашоодон ырахат ала албай калабы? Окумуштуулардын жообу
Кийин экспериментке катышкан аялдар бейтааныш же өздөрүнүн түгөйлөрү кийип жүргөн көйнөктөрдү жыттап, стресс-тесттен өтүшкөн. Тагыраагы, жумушка кирүү алдындагы аңгемелешүүгө катышып, математикалык маселелерди чыгарышкан. Мындан тышкары, маанайга байланыштуу суроолорго жооп берип, кортизолдун (стресс гормону) деңгээлин текшертүү үчүн шилекейлерин анализге тапшырышкан.

Анын натыйжасында, түгөйүнүн жытын жыттаган аялдар өздөрүн жакшы сезип, организминдеги кортизолдун деңгээли төмөн экени аныкталган. Ал эми бейтааныш эркектердин көйнөгүн жыттаган аялдар стресске көбүрөөк түшкөнү маалым болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0