Жээнбеков диний уюмдардын каржылык булагын көзөмөлдөө керектигин айтты

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПраздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека
Праздничный Айт-намаз, посвященный Курман айт на Старой площади Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат светтик өлкөнүн принциптерине таянып жүргүзүлүшү зарыл экендигин баса белгиледи

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Дин иштери боюнча комиссиянын директору Зайырбек Эргешовду кабыл алып, диний чөйрөдө мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу, өлкөдө толеранттуу конфессиялар аралык мамилелерди орнотуу боюнча көрүлүп жаткан аракеттерди талкуулады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жээнбеков акыркы жылдары дүйнөдө коомду радикализациялоо жана экстремисттик, террористтик идеяларды таркатуу максатында диний чөйрөнү колдонуу өнөкөтү күчөп жатканын жана бул көрүнүш Кыргызстан үчүн да коркунуч туудурганын белгиледи.

"Калктын диний чөйрөдөгү билим деңгээлин жогорулатуу боюнча ишти күчөтүп, бардык медреселерде жана башка диний билим берүү мекемелеринде бирдиктүү окутуу программасынын ишке ашырылышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл", — деди президент.

Жээнбеков ошондой эле диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат светтик өлкөнүн принциптерине таянып жүргүзүлүшү зарыл экендигин баса белгиледи. Андан сырткары, диний уюмдардын жана окуу мекемелеринин реестрин түзүп, диний радикализмдин таркашын алдын алуу максатында алардын каржылык жана башка ишмердигин көзөмөлдөөнү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0