Президенттин атынан өлкө боюнча 70 бала белек алды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВыставка "Фабрика елочных игрушек" в Казани
Выставка Фабрика елочных игрушек в Казани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчысы ага кат жазган балдарга планшет алуу үчүн акча бөлгөн

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Кыргызстандын булуң-бурчундагы 70 бала президенттин атынан жаңы жылдык белек алышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын тогуз жаштагы тургуну Нурмухаммед Дүйшөнбек уулу президент Сооронбай Жээнбековдон жаңы жылдык белек алды - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башы: 3-класстын окуучусу президенттен белек алды
Жээнбековдун атына өлкө аймагынан 6-14 жаштагы балдардан кат келген. Алардын ичинде жакшы окугандар, активисттер жана аз камсыз болгон үй-бүлөнүн балдары бар.

Мисалы Баткен облусунун Кадамжай районундагы мектептин окуучу кызы президентке ыр менен кат жазып, ага компьютер белек кылуусун суранган.

Таластагы 9 жаштагы кыз алты жашынан бери "Манас" айтат. Ал дагы өлкө башчысынан белек күтөрүн айткан. Ушундай эле тилек менен Ысык-Көл облусунун Түп районунда 6-класста окуган окуучу кат жазган.

Жээнбеков президенттин билим берүү фондусунан балдарга планшет алуу үчүн акча бөлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0