Өкмөт башчы Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы жаракаларга көңүлүн бурду

© Sputnik / Табылды КадырбековБалыкчы – Торугарт унаа жолу. Архив
Балыкчы – Торугарт унаа жолу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин бир катар ЖМКлар аталган жолдун ортосунан жаракка кеткенин жазышкан

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун абалынын начарлашынын себептерин тыкыр иликтөө үчүн көз-карандысыз эксперттерди, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдардын адистерин тартуу менен комиссия түзүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин бир катар ЖМКлар аталган трассанын 439-479-чакырымында жолдун ортосунан жарака кеткенин жазышкан.

Өкмөт башчы эки жумалык мөөнөттө текшерүүнүн жыйынтыгын сунуштоо милдетин койду.

"Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, унаа жолдун аталган тилкесин реабилитациялоо 2010-2013-жылдары Азия өнүктүрүү банкынын инвестициялык каражаттарынын эсебинен ишке ашырылган. Унаа жолун реабилитациялоо иштери 2013-жылы жыйынтыкталган. 2014-жылы кепилдик мөөнөтү аяктаган соң, жол тилкеси Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун башкармалыгынын пайдалануусуна берилген", — деп айтылат маалыматта.

2012-2013-жылкы кыш мезгилинен соң жаңы асфальт төшөлгөн тилкеде жазылыгы 2-3 сантиметрге жеткен жаракалар пайда болгон. Тилкелердеги жаракалардын пайда болушун тыкыр иликтеп чыгуу максатында экстремалдык шарттарда унаа жолдорун долбоорлоодо тажрыйбасы бар эл аралык эксперттер чакырылганы өкмөт тараткан билдирүүдө айтылат.

Гололед в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин көчөлөрүндөгү муз тоңгон жазы жол тоскоолдуктары алынбайт
Эл аралык эксперттер тарабынан жараканын пайда болуу себептерин аныктоо үчүн жарака кеткен жерде тереңдиги 2 метрге чейин шурфтоо өткөрүлгөн. Натыйжада, жарака шурф жасалган тереңдикке дейре жетип, андан ары карай таркалгандыгы аныкталган.

Эксперттердин тыянагы боюнча жарака топурактын борпоңдугунан улам пайда болгон.

Аймакта тоңдун тереңдиги 1,8 – 2,0 метрге жетет, ал эми жол менен негизги кыртыштын калыңдыгы 77 сантиметрди түзөт. Андыктан тоңдун тээп чыгышын жокко чыгаруу мүмкүн эмес.

Тондун терендигиндеги керексиз топуракты алып салуу, же 1,5 метрден ашуун кырдалган топурак менен каттоо иштерин аткаруу жумуштун наркын кескин жогорулатып, долбоордун бюджетине туура келмек эмес.

Белгилей кетсек, жол кышында абанын кескин өзгөрүшү (күндүзү 10 градус жылуу, кечкисин 40 градуска чейин суук) орун алган катаал климаттык шарттагы райондо жайгашкан. Жаракалар жаз-жай мезгилинде жер кыртышынын эришинен кийин гана жабыла баштайт, андан кийин аларды бүтөө иштери жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0