Министр Жумагулов: айлыгыбыз аз деп коюп, мага чапан жапканыңар туура эмес

© Фото / пресс-служба Минкультуры КРМинистр культуры, информации и туризма КР Султан Жумагулов
Министр культуры, информации и туризма КР Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр ага кийит менен эмес, алгылыктуу идеялар менен келүүсүн суранды

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Чоңдорго чапан жабуу адатынан арылуу керек деген пикирин маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов билдирди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Жумагуловдун мындай кайрылуу жасоосуна маданият мекемелеринин биринин жетекчилиги министрди жаңы жылы менен куттуктап, үстүнө кийит жапканы себеп болгон.

"Кесир болбосун, бирок чоңдорго чапан жапкан адаттан арылалы. Бакай калпак менен кементайды карылык доорун сүрүп жаткан карыяларга жабат. Экинчиден, бул кийитке акча кетти. А сиздер "айлыгыбыз аз, көтөрүп бергиле" деп өкмөттүн каалгасын жыртып келе жатасыздар. Биз, маданият адамдары, башкаларга үлгү болушубуз керек", — деди Жумагулов кайрылуусунда.

Андан көрө министр ага системаны оңдоо тууралуу алгылыктуу идеялар менен келүүсүн суранды.

Жаңылыктар түрмөгү
0