07:08 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.2506
  • RUB1.0910
Депутат Канат Исаевдин архивдик сүрөту

Канат Исаевге карата соттун өкүмү чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши (13)
187420

Эл өкүлү Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде коррупциялык иштерге барган деп айыпталган

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту депутат Канат Исаевди 12 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. 

Ага ылайык, депутаттын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик кызматтарда 3 жылга чейин иштей албай турган болду. 2010-жылкы убактылуу өкмөттүн декреттик мунапысына ылайык, эл өкүлүнүн жаза мөөнөтү төрттөн бирге кыскартылды. Ошондой эле депутат жазасын күчөтүлгөн режимде өтөмөй болду. 

Канат Исаев 2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турган кезде муниципалдык жер тилкесин жеке компанияга соода борборун куруу үчүн берген деп айыпталган. Ал ошондой эле мэриядагы жооптуу кызматтарды ээлеген адамдар менен сүйлөшүп алып, шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулуш ишин өзүнө караштуу ишканага берген деп УКМК айып таккан. 

Кийин Башкы прокуратура буга чейин Чүй облустук прокуратурасында жоголуп кеткен кылмыш ишин калыбына келтирген. Иш 2010-жылы козголгон болчу.

Материалдарга караганда, Исаев Токмокто мэр болуп турган кезинде №1 борбордук китепкана системасынын Токмоктогу филиалын төмөндөтүлгөн баада жеке менчикке өткөрүп жиберген. Аталган китепкана 500 чарчы метрлик участогу менен кошо 572 миң 116 сомго сатылганы белгиленген.

Мындан тышкары, Канат Исаев массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыпталып белгисиз мөөнөткө камакка алынган. Ал иш боюнча тергөө уланууда.

Тема:
Канат Исаевге карата козголгон кылмыш иши (13)

Тема боюнча

Канат Исаевге дагы бир факты боюнча айыбы угузулду
Акылбек Жапаров менен Игорь Чудиновго кылмыш иши козголду
Сот Канат Исаевди эки айга камакта калтырды
Канатбек Исаевдин иши боюнча жарандык активист Мелис Аспеков кармалды
Белгилер:
сот, Биринчи Май райондук соту, Канатбек Исаев, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ