Мугалим Уулкан Абдразакова: курсташ кыздын башын жарып, көзүмө түрмө элестеп...

© Sputnik / Зульфия ТургуноваУчительница со стажем Уулкан Абдразакова
Учительница со стажем Уулкан Абдразакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырк жылдык өмүрүн билим берүүгө арнаган математика мугалими Уулкан Абдразакова учурда 62 жашта. Талыкпаган эмгегинин арты менен "Эл агартуунун отличниги" наамына ээ болгон. Учурда бир уул, бир кыздын сүйүктүү апасы, жолдошунун мээримдүү жубайы ардактуу эс алууда.

Ардактуу кесиптин ээси менен Зульфия Тургунова маектешип, мугалимдик кесиптин түйшүгү, кубанычтуу көз ирмемдери, окутуучунун студенттик, жаштык кези тууралуу кеп кылды.

Атамдын жолун жолдоп мугалимдик кесипти тандагам…

Айланага бүт сөөк көмүлгөн... Мугалим Кыргызстанда жоголгон шаардын изин тапканда - Sputnik Кыргызстан
Айланага бүт сөөк көмүлгөн… Мугалим Кыргызстанда жоголгон шаардын изин тапканда
Ош облусундагы Кара-Суу районунун Эшме айылында 1955-жылы 16-августта жарык дүйнөгө келгем. Садырбай айылындагы Кызыл-Гайрат орто мектебинде 8-класска чейин окуп, андан кийин билим алуумду Оштогу Уркуя Салиева атындагы кыздардын жатак мектебинен уланттым. Атам Абдразак Муратов кесиби боюнча мугалим эле. Атамдын жолун жолдогум келдиби же дегеле мугалимдик кесипти жактырчу белем, айтор, орто билим алган соң, мугалим болууну чечтим. Англис тилин тереңирээк үйрөнүп тилмеч болсом деген да тилегим бар эле. Бирок бир чечимге келип, борбордогу Ишеналы Арабаев атындагы кыз келиндер институтунун физика-математика факультетине тапшырдым.

20 тыйыным жок, аэропорттон үйүмө кете албай…

Институтта үч маал тамак берер эле. 12 сом стипендия алчубуз. Студенттер үчүн арзандатылган баа — жети сомго учакка билет алып, Ошко учуп келчүмүн. Бирок аны кышында гана пайдаланчубуз. Жайында билет он беш сомдон сатылчу. Ошол студенттик доордогу эсимде калган кызыктуу окуяны дагы эле унута элекмин. Айыл чарба жумушунан кийин Ошко учайын деп аэропортко келсем билет Ошко эмес, Жалал-Абадга бар экен. Бирок Ошко караганда кымбатыраак. Ата-энемди, бир туугандарды сагынып, аларды көрсөм дегенде эки көзүм төрт, бирок аэропорттон үйгө жетүү үчүн жол киреге 20 тыйыным жок. Акча табылганча Бишкекте болуп турайын десем билетке деген акчаны коротуп коем. Баш катты да тобокелчиликке салып, Жалал-Абад шаарына учууга билет алдым. Учакка отургандан баштап, түшкөнгө чейин акча жок үйгө кантип жетем деп денемди калтырак басты. Себеби чөнтөктө бир да тыйыным жок эле. Аэропортко келсем биздин айылдык агалар жүрүптүр. Аларды көргөндө атамды көргөндөй маңдайым жарыла сүйүнүп, ошолордун жардамы менен үйгө жетип келгем. Ошондо балалык кылып аябай эле корккон экем. Азыр ал күндү эстеген сайын жылмайып алам.

Курсташ кыздын башын жарып коюп…

Кыргыз ССРинин эл артисти, СССРдин мамлекеттик сыйлыгынын лауреты, балерина Рейна Чокоева - Sputnik Кыргызстан
Рейна Чокоева: министр Казакбаев өзү Ленинграддагы бизге сары май, жаңгак салчу
Студенттик мезгилде Чүйдө кант кызылчасын терүүгө жардам бердик. алмурут, картошка жыйнаганы Көлдүн Бөкөнбаев совхозуна барчу элек. Кечкисин кыздар менен бий аянтчасына барып, жаштыктын доорун жакшы эле сүргөнбүз. Сонун күндөр өттү. Айыл чарба жумушу оюн-күлкү менен эле өтүп кетчү. Мен арык болгондуктан алмурут жыйноо үчүн бактын башына чыкчумун. Бирден үзүп, чакага салып, толгон соң чаканы жерди көздөй таштачумун. Жердеги курбуларым кармап алчу эле. Бир ирет алмурут салынган чаканы кармай албай калышып, Разия Атакулова аттуу чогуу окуган кыздын башына тийип, башы жарылып, кан кете баштады. Тез жардам кызматы келип, алып кетти. Эжейим "этияттабайт белең" мени аябай урушкан. Ошол кезде коркконумду кантейин… Милиция келип, колума кишен салып камап койчудай болуп, титирегенимди эстесем… Оюмда эркимден ажырап камалып кетчүдөй болгом (күлүп). Дарыгерлер курбу кыздын башын тигип, ал өзүнө келген соң мен да өзүмө келип, титирегеним басылган. Жакында чогуу окуган курсташтар чогулуп калганда ушул окуяны эстеп, боорубуз эзилгенче күлүп алдык.

Стипендиямды үнөмдөп эки студент эжемди бакчумун…

Студент кезде алган 12 сом стипендиямды дептер, калемден башка нерсеге коротчу эмесмин. Жатаканада жашагандыктан үч маал тамак акысыз берилчү. Атам мугалим болгондуктан ошол мезгилде 120 сом маяна алчу. Ал акча менен жети кыз, үч уулун багар эле. Менден улуу эки эжем да борбордо студент. Айсалкын аттуу эжем медициналык институттун педиатрия бөлүмүндө, дагы бир эжем Калыс Исхак Раззаков атындагы технологиялык университетинин тамак-аш технологиясы адистигинде окучу. Атамды аяп, эки эжеме жардам кылайын деген үмүт менен жаш болсом да 12 сом стипендиямдын 5-6 сомун үнөмдөп аларга берчүмүн. "Акчаны кайдан алып жатасың" деп мага таң калышчу.

Көлдүк жигиттерди карабай, өз айылымдагы жигитке турмушка чыктым

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ата-энелерден акча чогултуу мыйзамдуубу же муктаждыкпы? Иликтөө
Студент кезде арзуусун билдирген көлдүк жигиттерди "алыс" деп карабай, өзүмдүн айылдашым, менден төрт жаш улуу Жаркынбек Сатыбаев аттуу жигитке турмушка чыктым. Жолдошум кесиби боюнча сүрөтчү. Учурда Ош облустук көркөм өнөр сүрөт фондусунда иштейт. Ош шаарынын кире беришиндеги "Кыргыз көчү" мозаикасынын эскизин кесиптештери менен чогуу жасашкан. Өмүр бою сүрөт тартуу менен алектенип келе жатат. Бир уул, бир кыздуу болдук. Уулум Уранбек атасынын жолун жолдоп, архитектор. Кызым Айжамал укук коргоочу. Беш жыл мурда эс алууга чыктым. Неберем Нурэлди багып, эртеден кечке эрмегим ошол.

Союз ыдырыгандан кийин маяна берилбей, ордуна чай, ун берип, аябай кыйналганбыз…

Мугалим — кайсы доордо болбосун түйшүктүү кесип. Кесибин сүйгөн мугалимдин гана колунан мыкты инсандар тарбияланып чыгат. Кырк жылдык өмүрүмдү мугалимдик кесипке арнаганыма такыр өкүнбөйм. Себеби кесибимди туура эле тандагам. Өмүр бою бир мектепте иштедим. 1976-жылы эмгек жолумду баштаган болсом, 2012-жылы ардактуу эс алууга чыктым. Советтер Союзу таркагандан кийин эмгек акыбыз берилбей, акча ордуна чай, материал, ун берип калган эле. Ошол мезгилде аябай кыйынчылык тарттык. Мугалимдер үчүн өтө оор болгон. Жай мезгилинде эс алууга чыкканда Россияга барып иштеп келип жүрдүм. Ошентип жан баккан күндөр да өттү…

Талапты катуу койгон мугалим элем. Ошол эле учурда мээримдүү да элем. Балдарды жакшы көрүп, cабакка болгон кызыгуусун арттырып, математика сабагы татаал предмет болгондуктан оюндарды уюштуруп ийчүмүн.

Жакшы иштегеним үчүн кесиптештер арасында урмат-сыйга ээ болдум. "Эл агартуунун отличниги" сыйлыгын алдым. Бул менин өмүр бою кылган мээнетиме алган сыйлыгым. Аз айлыкка чыдап кесибим менен бактылуу турмуш сүрдүм. Кесибимди туура тандаганыма сыймыктанам.

Жаңылыктар түрмөгү
0