Президент Жээнбеков Куба жетекчиси Рауль Кастрону куттуктады

© Sputnik / Сергей Мамонтов / Медиабанкка өтүүВизит вице-премьера РФ Д. Рогозина на Кубу
Визит вице-премьера РФ Д. Рогозина на Кубу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан жетекчиси Куба менен алака-катнашты арттырууга кызыкдарлыгын айткан

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Кубанын Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Рауль Модесто Кастро Русту республиканын боштондук күнү менен куттуктады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. 

"Сизди жана Сиз аркылуу жалпы Куба элин улуттук майрамы – Куба Республикасынын боштондукка чыккан күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Өлкөлөрүбүз ортосунда өз ара пайдалуу кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-кубалык байланыштарды тереңдетүүгө кызыкдарлыгымды билдирем", — деп айтылат маалыматта. 

Президент буга кошумча Рауль Кастрону Жаңы 2018-жыл менен куттуктап, бакубатчылык жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Куба элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүүнү каалаган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0