Келер бекен? Чет элдиктердин өмүрүн сактап жүргөн кыргызстандык ак халатчандар

© AFP / JEFF PACHOUDБольница Эдуарда Херрио в Лионе. Франции
Больница Эдуарда Херрио в Лионе. Франции - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет өлкөлөрдө акылы, ак эмгеги менен ийгилиги менен багынтып жүргөн мекендештер тууралуу укканда кубанбай койбойсуң. Бири чемпион, экинчиси профессор, дагы бири ийгиликтүү ишкер...

Бул жолу Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө адамдын ден соолугун чыңдап, өмүрүн сактаган кыргызстандык ак халатчандар тууралуу жазууну эп көрдү.

Рысбек Абдылдаев

© Фото / предоставлено Рысбеком АбдылдаевымОнколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев
Онколог, доктор медицинских наук Рысбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
Онколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев
Онколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев 2000-жылдан тарта Улуттук онкология борборун жетектеп, 2009-жылы атайын чакыруу менен АКШга кеткен. Учурда Калифорния штатындагы "Силикон өрөөнүндөгү" биотехнологилык компаниянын программалык директору.

Руслан Шаршебай

© Фото / Огузхан МутлуРентгенолог Руслан Шаршебай
Рентгенолог Руслан Шаршенбай - Sputnik Кыргызстан
Рентгенолог Руслан Шаршебай
Руслан Шаршебай рентгенолог, медициналык билимин Түркиянын Стамбул шаарынан алган. Учурда ошол эле мамлекеттеги Istanbul International Kolan hospital деп аталган ооруканада эмгектенип, ага катар аспирантурада окуп жатат. Медицинага аскер дарыгери кесибин аркалаган атасынын изи менен келгенин айтат. 18 жылдан бери чет жерде жүргөн Руслан "мекенге кайтып, өз жеримде кызмат кылууга убакыт келди" деп эсептейт.

Кубанычбек Алибеков

© Фото / Гулдой ИсраиловаХирург Кубанычбек Алибеков
Стоматолог Кубанычбек Алибеков в Москве - Sputnik Кыргызстан
Хирург Кубанычбек Алибеков
34 жаштагы Кубанычбек Алибеков кесиби боюнча хирург. Ал Москва шаарында медициналык борбор ачып, мигранттарды дарылап, аны менен бирге кыргыз дарыгерлерин иш менен камсыздаган. Алгач ОшМУнун медицина факультетинде билим алып, 2007-жылы Москва шаарына аспирантурага окууга барган. Кийин ал жердеги ооруканалардын биринде иштеп калган.

Мелис Толтоев

© Фото / Сергей Степанов Медицина илимдеринин кандидаты, хирург Мелис Толтоев
Кыргызстанец Мелис Толтоев - Sputnik Кыргызстан
Медицина илимдеринин кандидаты, хирург Мелис Толтоев
Жаш дарыгер Мелис Толтоев дагы Россияда эмгектенет. Учурда Татарск шаардык ооруканасында хурург. Былтыр Новосибирск облусу боюнча өткөрүлгөн "Жылдын мыкты дарыгери" номинациясына көрсөтүлүп, ондогон дарыгерлердин арасынан 3-орунду алган. Өзүнүн айтымында, 130га чукул дарыгер эмгектенген оорукананын жетекчилиги аталган сынакка дал ушул Толтоевди көрсөткөн. 32 жаштагы кыргызстандык дарыгер медицина илимдеринин кандидаты, илимий 40 макаланын жана 5 ойлоп табуунун автору.

Билгун Бадрах

© Фото / предоставлено Билгуун БадрахомХирург Билгун Бадрах
Бишкекский врач Билгуун Бадрах в Эфиопии - Sputnik Кыргызстан
Хирург Билгун Бадрах
Бишкектик хирург Билгун Бадрах Африканын Ефиопия мамлекетине кеткенине бир жылдан ашты. Ал жакка Кызыл жарым ай коомунун программасы аркылуу барган. Учурда ыкчам хирургия бөлүмүндө иштегени менен травматология боюнча да бейтаптарды кабыл алат. Африкада тажрыйба топтоп, Бириккен Араб Эмирлигине же Европага барып иштөөнү пландоодо.

Ольга Расчупайкина

© Sputnik / Табылды КадырбековГинеколог Ольга Расчупайкина
Акушер-гинеколог Ольга Расчупайкина - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Ольга Расчупайкина
Бишкектик гинеколог Ольга Расчупайкина Пакистандагы тоолуу айылдардын биринде 7 жыл иштеп келген. Ал өлкөгө жолдошунун жумушу аркылуу барган. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, учурда фтизиатрия менен алектенип жүрөт. "Кургак учук менен жабыркагандар көп болгондуктан, аларга жардам көбүрөөк керек" деп эсептейт.

Эркин Орозакунов

© Фото / предоставлено Эркином ОрозакуновымХирург Эркин Орозакунов
Хирург Эркин Орозакунов - Sputnik Кыргызстан
Хирург Эркин Орозакунов
Хирург Эркин Орозакунов декабрь айында Түркияда доценттигин жактады. Негизи түрк жергесине барганына 16 жыл болуптур. 2001-жылы беш жылдык ординатурага тапшырып, 2007-жылдан тарта Анкара университетинин ооруканасында иштеген. Андан соң бир эмес, эки мамлекеттик ооруканада кызмат кылып, акыркы жылдары жеке клиникалардын бирине ишке кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0