Жарамды тырмабачы! Бишкектиктер турак жайга кантип жеткен

© Sputnik / Михаил ДудинМикрорайон Бишкека "Восток-5"
Микрорайон Бишкека Восток-5 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардын ар бир сегизинчи тургуну турак жайды ижарага алып жашоого аргасыз. Өз алдынча үй-жайлуу болгондордун саны бишкектиктердин 37 пайызын түзөт.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бишкектин тургундары кантип там-таштуу болорун Улуттук статистикалык комитет аныктап чыкты.

Маалыматка ылайык, шаардыктардын 37 пайызы гана өзү турак жай сатып алган.

Ар бир бешинчи жашоочу үйдү өзү курса, 17 пайыз эл тамга ордер аркылуу ээ болгон.

Сегиз тургундун бирөө турак жайды ижарага алып жашоого аргасыз. Ар бир он биринчи жашоочуга тамы мураска калса, үч пайызга чукулу кыймылсыз мүлккө алмаштыруу жолу менен жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0