Тумандан улам “Манас” аэропорту эки эл аралык каттамдын убактысын жылдырды

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАэропорттогу учак. Архив
Аэропорттогу учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калган каттамдар жарым саатка кечикмей болду

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. “Манас” аэропортунун аймагындагы коюу тумандан улам эки эл аралык каттам 2-январга жылды. Бул тууралуу аталган аэропорттун диспетчердик бөлүмү билдирди.

Туман болжол менен түшкө маал түшкөн. Кечке жуук ички жана тышкы каттамдын баары жарым саатка кармалган.

Үрүмчүдөн Бишкекке келип кайра Үрүмчүгө кете турган учак эми 2-январда гана асманга көтөрүлмөй болду.

Азыр туман тарап, “Манас” аэропорту кадимки тартипте иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0