Соцтармак кызыктары: Таласты аралаган “зебра”, дүңкүйгөн жигиттер

© AFP / Karl-Josef Hildenbrand / dpaЗоопарктагы зебралар. Архив
Зоопарктагы зебралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын Түштүк-Сахалинск шаары менен Чүй облусундагы Беловодское айылында жаңы жылдык балатынын өрттөнгөн видеосу социалдык тармакка желдей тарап жатат. Ал эми унаасынын жанында чимириле бийлеген кара тору жигит интернет жылдызына айланды.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Минтип тоок жылы менен коштошуп, ит жылын тосуп алдык. Бүгүн жыңы жылдын алгачкы күнүн өткөрүп жатабыз. Бул майрам баарына шаң тартуулаганы менен ал арада жагымсыз окуялар да болуп кетти. Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн жылдын акыркы аптасында социалдык тармактагы кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт. 

1. Балатысын өрттөп ийип… Түштүк-Сахалинск шаарына коюлган 25 метрлик балаты жаңы жыл түнү элдин көз алдында өрттөнүп кетти. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт асманга атылган петардалардан улам чыкканы айтылууда. Видеодон алып баруучу элди дүрбөлөң түшпөөгө чакырып, негизгиси жаңы жылды тосуп алдык деп тынчтандырып жатканын көрүүгө болот. Бул видеону белгилүү рэпер Тимати да Instagram баракчасына жүктөгөн. 

2. Беловодское да балатысыз калды. Жогорудагыдай окуя Чүй облусундагы Беловодское айылында да болуп, жергиликтүүлөр балатысыз калышты. ӨКМдин атайын адистеринин болжолдуу маалыматына ылайык, балаты жаңы жылдык салюттун одоно колдонулганынан улам күйүп кеткен. Жабыркагандар жок. 

3. Таласка келген зебра. Таласта эшекти зебрага окшотуп ала-була кылып боёп шаарга алып чыгышыптыр. Элдин фантазиясына чек жок. 

4. Жигитке 70 өнөр аз… Ал эми бул кара тору жигиттин бийлегени эле өзүнчө чоң майрам тартуулайт. Учурда анын бийи соцтармакты багындырууда. Кийген кийимине караганда оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу же унаа оңдоп иштейт окшойт. 

5. Бул баланын да таланты күч. Жаттаган ырынын сөздөрүн унутуп калган экен, сыр бербей кырдаалдан чыгып кетти. Интернет колдонуучулары баланын импровизаторлугуна таң калып күлүп жатышат. 

6. Жигиттердин жоругу. Кыздар, соцтармактагы жигиттердин сүрөтүнө анча ишене бербеңиздер. Бул видеодон кийин жигиттердин көмүскө сырлары ачыкталып калды. 

7. Ош базарга толгон адамдар. Бул ирмемдер жаңы жыл күнү Бишкектеги Ош базарынан тартылган. Адамдар базарды чаап алчудай эле барышыптыр.

8. Тасмадагы Жеңиш тоого кетти. Кайсы тасмага тартылбасын боор эзе күлдүргөн Жеңиш Майрамбеков эми Филиппиндин тоолорунда жашамай болду. Ал жакка аны кесиптеши Бакыт Осмонканов кууп жиберген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0