Тизелегенине карабай баш тарттым. Бишкектик модель кыздын сыры

© Фото / Рафаэль МиннибаевМодель и управляющая отелем Жамиля Асангулова
Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жамиля алмаз таштуу шакекти көрүп алдастап, эмне болуп жатканын түшүнүүгө ашыкты. Ресторандын залындагылардын баары жигит менен бирге чыдамсыздык менен кыздын жообун күттү. "Сен эмне, жиндисиңби? Экөөбүз кыз-жигит да эмеспиз!" деп кыйкырды кыз. Бийкечти алдыда Испания күтүп турган эле…

Үйлөнө элек жигит сулуу кыз үчүн башын толук 180 градуска бура аларын билбепмин. Редакцияга бул жолку каарман – модель жана отелди жетектеген Жамиля Асангулова баш бакканда биздин жигиттер ушинтишти.

— Асель, бул кыз ким?
— Жынысын алмаштырган кыргызстандык жигит. Эркек болуп төрөлүптүр, ал эми кийин…
— Тамашаңды койчу! Номерин берчи.
— Бербейм. Сүйлөшкөн жигити бар, сени эмне кылмак эле!

Жамиля мени студияда күтүп отурган. Суу ичкенден да баш тартып, жүзүндөгү жылмаюу менен кычык суроо берилер-берилбесине кызыкты…

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамиля Асангулова: Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам аскер кызматкери, апам өмүр бою бухгалтер болуп иштеген. Үй-бүлөбүздө тартип катуу эле, баарын ата-энебиздин кабак-кашынан эле билип койчубуз.
Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Асангулова: Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам аскер кызматкери, апам өмүр бою бухгалтер болуп иштеген. Үй-бүлөбүздө тартип катуу эле, баарын ата-энебиздин кабак-кашынан эле билип койчубуз.

— Бала чагыңыз тууралуу айтып бериңизчи…

— Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам аскер кызматкери, апам өмүр бою бухгалтер болуп иштеген. Үй-бүлөбүздө тартип катуу эле, баарын ата-энебиздин кабак-кашынан эле билип койчубуз.

— Мектепте кандай окудуңуз эле?

Ырчы Толгонай Арзыкеева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алар уйкудан туруп эле "жылдыз" болушкан. Соцтармакты дүң кылган 10 адам
— Мыкты окугам. Атам менен апам амалдуулук кылыптыр: эки тилде сүйлөп түшүнө билүүбүз үчүн мени орус, сиңдимди кыргыз мектепке беришкен экен. Жайкы каникулдардын баарын Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде турган чоң атамдыкында өткөрдүк. Али иним төрөлө элек кез болчу, үч эже-сиңди үйдө эркектердин жумуштарын да аткарар элек. Айыл турмушу мага жат эмес, уй саап, арыктан суу ташый алам.

Чоң атамдын алма бак, дан куурай, карагатка толгон бакчасы бар эле. Ал бизди эркелетпестен, абдан катуу тарбиялаган.

© Фото / Эко АгаларовЖамиля Асангулова: Атам менен апам өсүп-өнүгүшүм үчүн бар күчүн жумшашкан. Бийге, вокалга, англис тили боюнча курска барчумун
Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Асангулова: Атам менен апам өсүп-өнүгүшүм үчүн бар күчүн жумшашкан. Бийге, вокалга, англис тили боюнча курска барчумун

— Эмнеге кызыкчу элеңиз?

— 5-класста окуп жүргөнүмдө ар таңда мурдум канай турган болду. Доктур текшерип: "Балага аябай күч келип, уйкусу канбайт экен. Кызыңардын баш сөөгүнүн ичиндеги басым жогору" деди. Ошентип Шубиндеги (Шубин атындагы балдар музыкалык мектеби — ред.) скрипканы төрт жыл окуган соң таштоого аргасыз болдум. Аяктарыма үч жыл эле калган болчу. Балалыкта артынган жүгүм көп болгонун түшүнүп турсам деле буга азыр да өкүнөм. Атам менен апам өсүп-өнүгүшүм үчүн бар күчүн жумшашкан. Бийге, вокалга, англис тили боюнча курска барчумун.

Ата-энемдин бул аракети канчалык оор болгонун азыр аңдап билем, анткени, үй-бүлөбүздүн ашыкча акчасы жок эле. Көйгөйлөр жаралчу, тоскоолдуктар чыкчу. Өз турмушу менен жашоодо даяр оокат болбой турганын көрсөтө билгендиктери үчүн аларга ыраазымын.

— Класста эң сүйкүмдүү кыз болгон болушуңуз керек?..

— Сүрөттөрдү азыр көрүп, аябай деле сулуу наристе болбортурмун дейм. Бирок өзүмө өзүм аябай ишенчүмүн, жылдыздуу элем. 14-февралда баарынан көп кат алган да, мугалимдердин да сүймөнчүгү мен болчумун.

© Фото / Аскар ДуманаевЖамиля Асангулова: "Супер-Инфо" гезитинин сулуулар сынагынан жеңип чыкканымда колума ийгилик кушу конду. Мени баары таанып, клиптерге тартылууга чакыра башташты. Ошондо 15 жашка толгом
Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Асангулова: "Супер-Инфо" гезитинин сулуулар сынагынан жеңип чыкканымда колума ийгилик кушу конду. Мени баары таанып, клиптерге тартылууга чакыра башташты. Ошондо 15 жашка толгом

— Кандайча модель болуп калдыңыз? Агент сизди көчөдөн байкап калган болуш керек, ээ?

— Жок, бизде эч ким андай кылбайт. Бою узун, арык кыз элем, мени ширеңкеге салыштырып коюшчу, бирок моделдик иш менен алектенүү оюмда жок болчу. Мектепте бир курбум бар эле. Ал мага өзүмдөн да көбүрөөк ишенчү. Алтынчы классыбызда ал менден 11 сантиметрлик такалуу бут кийимим бар-жогун сурап калды. Көрсө, ал мени моделдик мектепке жаздырып коюптур. Бийик такалуу бут кийим сатып алып, ал жакка жөн гана көрүүгө баргам. Андай жайнаган сулуу кыздарды эч качан көрө элек кезим. Кадамдары ишенимдүү шилтенет, жакшы боенушкан.

Victoria's Secret моделдери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes журналы дүйнөдөгү эң кымбат моделдерди атады
Алардай болгум келди. Бул багытта көпкө окудум, бирок мени байкаган эч ким жок десеңиз. Агезде сулуу моделдер абдан көп эле. Ар биринин өз ажары, өз айырмачылыгы бар. Азыркылар бир өңчөй сезилет.

"Супер-Инфо" гезитинин сулуулар сынагынан жеңип чыкканымда колума ийгилик кушу конду. Мени баары таанып, клиптерге тартылууга чакыра башташты. Ошондо 15 жашка толгом.

— Испанияда кандайча окуп калдыңыз?

— КМУУнун кыргыз-европа факультетине өттүм. Борбор Азиядагы Америка университетине тапшыргым келген, бирок ал жак абдан кымбат болчу. Адистигим – "Бизнес башкаруу". Кичинемден гуманитардык илимдерге караганда, так илимдер жеңил сезилчү. Мыкты окуш үчүн тарых китептеринен бүтүндөй бөлүктү жаттап чыгар элем. Факультетте испан тилин үйрөнчүмүн, мыкты студенттердин 1-2-сабындамын, Испанияга бир жылга окууга грантты оңой эле утуп алдым. Бир жылдан да ашык калайын дегем, бирок ата-энем мени аябай сагынып кетишти.

© Фото / Виталий КулешовЖамиля Асангулова: Европада да моделдикти калтырбадым. Курсташым агенттиктердин бирине ээрчитип барган. Фотосессияларга катышчумун, сүрөттөрүм журналдын мукабаларына чыккан
Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Асангулова: Европада да моделдикти калтырбадым. Курсташым агенттиктердин бирине ээрчитип барган. Фотосессияларга катышчумун, сүрөттөрүм журналдын мукабаларына чыккан

— Ал жакка кантип жайгаштыңыз?

— Мага баары акысыз болчу, атургай, айына миң евродон стипендия беришчү. Бул каражат жашоомо жетмек тургай, саякатка да артчу. Шенген визасын болушунча пайдалана башка балдар менен бүт Европаны кыдырып чыктык.

— Испан тилин өздөштүрүү жеңил болдубу?

— Жок, жарым жылча айланамда сүйлөгөндөрдү түк түшүнбөй жүрдүм! Таптакыр бул тилди билбегендей… Бирок бардык сабактар испанча болгондуктан, күч жумшоого туура келди. Жергиликтүү калк аябай жакты мага. Башка студенттерге сабакта менин кулак кужурун алган "сынык" испанчамды угуу кандай жагымсыз болгонун элестете алам, бирок баары бир алар алакан чаба кубаттай, испан тилим барган сайын жакшырып баратканын белгилешчү.

© Фото / Эко АгаларовЖамиля Асангулова: Биздин моделдерди башкалар шылдыңдап жүрбөсүн деп фотосессияга тартылуу канча турарын айткандан да тартынам. Кыргызстанда эң көп дегенде беш сааттык фотосессияга 100 доллар төлөнөт
Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Асангулова: Биздин моделдерди башкалар шылдыңдап жүрбөсүн деп фотосессияга тартылуу канча турарын айткандан да тартынам. Кыргызстанда эң көп дегенде беш сааттык фотосессияга 100 доллар төлөнөт

— Испан кыздарынан айырмаланып турсаңыз, жергиликтүү эл сизге кандай карар эле?

— Алар эч качан терс мамилесин көрсөтүшпөйт, жылуу сөзгө берешен эл. Эркек киши да, наристе да, чоң апа да атайын токтоп: "О Кудай, кандай сулуу кыз!" деп жагымдуу кебин айтуудан тартынышпайт. Бир ирет кофеканада барда иштеген айым: "Аябай сүйкүмдүү экенсиз, бул бизден" деп акысыз кофе берген.

Бирок алар киммин, кайсы улуттан экендигимди аңдай алышчу эмес. Алар үчүн фамилиясы орус, англисче сайраган кытай кызы элем. Бул алардын башын маң кылчу.

— Кыргызстандык экендигиңизди билгенде испандыктар кандай кабыл алышчу эле?

Кыргызстанская актриса и модель Аида Чоткараева - Sputnik Кыргызстан
"Аалам сулуусу" сынагында Аида Чоткараева сүрөткө мыкты түшкөн келин деп табылды
— Бир аз жагымсыз болду бул. Жашап турууга укук алып жатканымда алардын маалымат базасында Кыргызстан деген мамлекет катталбаган болуп чыкты. Абдан жаман көрүнүш, кыжыр келтирген нерсе! Чындыгында ал жактагылар Кыргызстан деген өлкө бар экендигин билишпейт. Саналуу киши Казакстандан кабары бар. Аларга: "Менин өлкөм жаман эмес, силер сабатсыз окшойсуңар" деп жооп кайтарам. Мектепте биз бардык өлкөлөр боюнча окуйт эмеспизби, Африка континентиндеги мамлекеттердин баш калааларынын аталыштарын жаттап чыкканым эсимде. Мындай нерселерди биздикилер жакшы билишет.

— Моделдик ишмердикти сагынган жок белеңиз?

— Европада да моделдикти калтырбадым. Курсташым агенттиктердин бирине ээрчитип барган. Фотосессияларга катышчумун, сүрөттөрүм журналдын мукабаларына чыккан. Башка кыздардын арасынан мен дароо айырмаланчумун. Боенуштун да зарылчылыгы жок эле. Бир фотосессия үчүн саатына кеминде 200 доллар төлөнчү. Азыр моделдердин кызматынын акысы бизде да көтөрүлдү, бирок көп эмес. Бекер тартылууга макул болгон кыздардын айынан арзан төлөшөт.

Биздин моделдерди башкалар шылдыңдап жүрбөсүн деп фотосессияга тартылуу канча турарын айткандан да тартынам. Кыргызстанда эң көп дегенде беш сааттык фотосессияга 100 доллар төлөнөт.

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамиля Асангулова: Келечекте өз ишимди баштагым келет, азырынча үйрөнүп жүрөм десем болот. Ушу тапта кол алдымда 30 киши бар. Арасында менден алдаканча улуулары да бар, баарынын тилин табууга тырышам
Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Асангулова: Келечекте өз ишимди баштагым келет, азырынча үйрөнүп жүрөм десем болот. Ушу тапта кол алдымда 30 киши бар. Арасында менден алдаканча улуулары да бар, баарынын тилин табууга тырышам

— Сизге бул суроону көп узатышат чыгар. Антсе да, сурайлы, сиздин сулуулугуңузду табигый деп атоого болобу?

— Эриндерим, бет сөөк жана сурмам тууралуу көп сурашат. Чын айтам, баары өзүмдүкү. Апамдын, өзүмдүн бала кездеги сүрөттөрүмдү социалдык медиага чыгара муну тастыктап келем. Болгону баарын туура белгилей боено билем. Бирок сулуулукка көп деле убакыт сарптабайм. Жүзүмө маска койгонду жактырбайм, скраб менен кечке жуубайм. Атургай, кашымды терүүдөн да эринем.

— Азыр эмне иш менен алексиз?

— Отелде администратормун. Келечекте өз ишимди баштагым келет, азырынча үйрөнүп жүрөм десем болот. Ушу тапта кол алдымда 30 киши бар. Арасында менден алдаканча улуулары да бар, баарынын тилин табууга тырышам.

Отелде башкаруучунун колунан баары келүүгө тийиш. Кээде электрди да өзүм оңдойм.

— Бишкектик жигиттер кыз жандаганды билишеби?

— Билишет, укмуш жандашат. Курбуларымдан жигит кыздын артынан аябай чуркайт, колун сурайт, баш тартып койсо эле "сага короткон убактым" деп онтой башташарын көп угуп калам. Сен мырзасың да! Кимдир бирөөнө жагымдуу мамиле кылуунун сен үчүн эч эле мааниси жокпу?!

Артымдан көп чуркашкан. Бирок алар мени кечирип койсун, аракеттерин баалабаптырмын. Материалдык нерседен кеп козгоп турганым жок. Мага эч ким батир, унаа, шуба, алмаз белек кылган эмес… А жок, алмаз белек кылышыптыр, бир жигит колумду сураганда алмаз таштуу шакек берген.

© Фото / Аскар ДуманаевЖамиля Асангулова: Мурда 23 жашка чейин турмушка чыгам го деп ойлор элем. Азыр 24кө толгону калдым, ак жоолук али салына элекмин. Келерки беш жыл ичинде үй-бүлө куруп, өз ишимди баштап калам
Модель и управляющая отелем Жамиля Асангулова - Sputnik Кыргызстан
Жамиля Асангулова: Мурда 23 жашка чейин турмушка чыгам го деп ойлор элем. Азыр 24кө толгону калдым, ак жоолук али салына элекмин. Келерки беш жыл ичинде үй-бүлө куруп, өз ишимди баштап калам

— Сиз баш тарттыңызбы?

— Ооба. Ал бала менен сүйлөшчү деле эмеспиз. Испанияга кетердин алдында ресторанга чакырган. Тизелей отура калып эле шакегин сунбаспы. Мага бул жагымсыз болду. "Жинди болдуңбу? Мен сени сүйбөйм, биздин түбөлүгүбүз бир эмес" деп кесе айттым. Шакекти жок дегенде белек катары кабыл алуумду өтүнүп туруп алды. Бирок эгер сага буйрубаса, баары бир колдон чыгат окшойт. Көп өтпөй эле аны жоготуп алдым.

Ачык эле айтайын: азыркы жигитим кыз жандоону жакшы билет.

— Ал кантип сиздин жүрөгүңүздү багындырды?

— Менин көйгөйлөрүмдү да өзүнүкүндөй кабыл алат. Ага айтып бүтөлекте эле аларды чечүүгө киришет.

— Беш жылдан кийин өзүңүздү ким катары көрөсүз?

— Мурда 23 жашка чейин турмушка чыгам го деп ойлор элем. Азыр 24кө толгону калдым, ак жоолук али салына элекмин. Келерки беш жыл ичинде үй-бүлө куруп, өз ишимди баштап калам. Өзүм үчүн гана эмес, жасаган ишим өлкөгө да пайдасы тийсе деп тилейм.

Жаңылыктар түрмөгү
0