Ызы-чуу менен ээрден шыпырылгандар. Ким кантип кызматтан алынды

© AFP / JOEL SAGETСтатуя Каина в саду Тюильри, Париж
Статуя Каина в саду Тюильри, Париж - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилүү бажычы менен катардагы милиция кызматкерин эмне байланыштырат? Жумуштан бошотуу. Sputnik Кыргызстандын редакциясы быйыл дүң болгон жумуштан бошотууларды тизмектеди.

Бүгүн, 29-декабрда, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун төрагасы алмашып, Дүйшөнбек Зилалиевдин ордуна Ренат Түлөбердиев дайындалды.

Презентация гелиоколлекторов  на территории КП Бишкектеплоэнерго в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Үй-бүлөм бай деле эмес, "ортозаар" турабыз. Зилалиевдин агынан жарыла берген маеги
Президент Сооронбай Жээнбековдун инаугарациясы учурунда өкмөттүк трассага коюлган жардыруучу түзүлүш тууралуу маалымат түшкөн. Бомба боюнча Маммүлктүн төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев айткандыгын ИИМ академиясынын курсант кызы билдирген. Атка минер өз кезегинде курсант кыз анын айтканын туура эмес түшүнүп алганын айткан. Кийинчерээк Зилалиев териштирүү бүткүчө кызматынан четтеп турууну эп көргөн. Бирок премьер-министр Сапар Исаков Маммүлккө жаңы жетекчи дайындоо тууралуу буйрукка кол койду.

Sputnik Кыргызстандын редакциясы жыл ичинде дүң болуп ээрден шыпырылгандарды тизмектеди.

Маркумдарды мазактаган айым

© Фото / предоставлено Таттыгуль ДооталиевойПреподаватель Медакадемии КР Таттыгуль Дооталиева
Преподаватель Медакадемии КР Таттыгуль Дооталиева - Sputnik Кыргызстан
Преподаватель Медакадемии КР Таттыгуль Дооталиева
Дача-Су айылына 16-январда жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 киши набыт болгон Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын окутуучусу Таттыгүл Дөөталиеванын жеке баракчасында учак кулаган кыштактын каза болгон тургундары туурасында ички миграция маселесине байланыштуу шылдың камтылган пикирлери жарыяланган. Анда бул аба кырсык – "табигый тандам" деп аталган. Бул социалдык медиа колдонуучуларын кыжырданткан. Бирок ал айым Facebook баракчасы ачык калган телефонун жоготуп жибергенин, мындай жарыяга эч тиешеси жок экендигин билдирген. Эки күн өтпөй ал ишин улантууга бул жосунсуз жоругу ылайык келбегендиги үчүн аталган окуу жайдын ректорунун буйругу менен жумуштан кетирилген.

Ойноп атылган ок

Ырчы Толгонай Арзыкеева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алар уйкудан туруп эле "жылдыз" болушкан. Соцтармакты дүң кылган 10 адам
2-апрелде борбор калаадагы 7-кичирайондо жайгашкан "Космопарк" көңүл ачуу жайынын алдынан белгисиз бирөөлөр ок чыгарып, унаасын айдай изин жашырган. Укук коргоо органдары айдоочуну таап, шаардык башкармалыктын тергөөчүсү экендигин аныкташкан. Экспертиза анын ошол окуя учурунда мас абалында экендигин көрсөткөн. Эки күндөн кийин ал иштен айдалган. Ок Макаров травматикалык тапанчасынан чыгарылган.

Муктаждыгын кандырган

© © фото очевидца, отправленное по Whats App-каналуМилиционер якобы справляет нужду на улице Гоголя в Бишкеке
Милиционер якобы справляет нужду на улице Гоголя в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Милиционер якобы справляет нужду на улице Гоголя в Бишкеке
Июндун орто ченинде социалдык медиада борбор шаардагы таштанды челектеринин жанында заара ушатып жаткандай көрүнгөн милиция формасын кийген кишинин сүрөтү чыккан. Эки күндөн кийин ал кишинин пенсияга чыгарына бир жыл калганда жумуштан кетирилгени белгилүү болду. Ал эми өзү – мурдагы милиционер таштанды челектерине тамактын калганын төгүү үчүн гана барганын айткан. Социалдык медиа кайра аны аядыбы, айтор, абдан катаал жаза берилгенин белгилеген.

Өрттөн улам иштен айдалып…

© Фото / сайт Ботанического сада им. Э.З. ГарееваДиректор Ботанического сада имени Гареева Медет Ахматов
Директор Ботанического сада имени Гареева Медет Ахматов - Sputnik Кыргызстан
Директор Ботанического сада имени Гареева Медет Ахматов
Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакчанын аймагында быйыл июль жана август айларында сегиз ирет өрт чыккан. Коомчулукта бул көрүнүш кытай лабораториясы үчүн аталган жерди тазалоо аракети деп шектелип, нааразычылык жараткан. Иликтөөнүн жыйынтыгында директордун милдетин аткаруучу Медет Ахматов кызматынан бошотулган. Себеп катары жетекчилик тапшырмаларды аткарган эмес, тагыраак, бакча сугарылбай, күнгө кургап калган чөп чабылып, жыйналбай калгандыгы көрсөтүлгөн.

Ичкиликтин кесепети

Ноябрда шаардыктар тарабынан тартылган тасма желеге коюлган. Анда "Бишкекбашкыархитектуранын" кызматкерлери иш жеринде спирт ичимдиктерин жайната майрамдашканы көрсөтүлөт. Тасмадагы көрүнүш кыргыз желесинин колдонуучуларынын кескин сынына калган. Натыйжада эки бөлүм башчы, эки кызматкер өз каалоолору менен иштен бошоп, дагы жетөө сөгүш алган.

Эң белгилүү бажычынын кызматтан алынышы

23-ноябрда Райымбек Матраимов Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарлык кызматынан алынган. Премьер-министр Сапар Исаков ага ишеним көрсөткөн эмес.

Абактан качкандар үчүн жазаланып…

Каракчылык жана киши өлтүрүүгө шектелип абакта отурган төрт адам 27-ноябрь күнү эртең менен Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынан качып чыккан. Бишкек менен Чүйдө "Перехват" планы жарыяланып, үчөө эртеси эле кармалса, төртүнчүсү 1-декабрь күнү колго түшүрүлгөн. Ички иликтөөнүн жыйынтыгы менен старшина жана ага сержант кызматтан алынган. Мындан тышкары, РИИБдин жетекчиси менен үч орун басары баштаган кызматкерлери ээлеген кызматынан бошотулган.

Уулун ур-тепкиге алган ата

2-декабрда желеде кызыл күрмөчөн киши жерде жаткан наристесин ичке тепкендиги тартылган тасма жарыяланган. Ошол эле күнү аны таап, борбор шаардагы Октябрь ИИБине алып келип, бейбаштык беренеси боюнча кылмыш ишин козголгон. Ал киши Мамлекеттик каттоо кызматынын Кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин Сокулук райондук жер жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп чыккан. 5-декабрда ал МКК башчысынын чечими менен кызматынан бошотулган. Жумуштан айдоого этика боюнча комиссиянын жыйынынын токтомдору негиз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0