Медреселерде кесиптик билим алган жаштар иштей баштады

© AFP / SANJAY KANOJIAРелигия в Кыргызстане
Религия в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим алган жаштар өздөрү окуган медреседе дагы сабак өтүп жатышат

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Медреселерде кесиптик билим алган жаштар иштей баштаганын муфтият билдирди.

Куран китебин окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто ата-энелерге терс диний агымдар туурасында маалымат берилди
Маалыматка ылайык, быйыл Сузак районундагы "Имам Аъзам" медресесинде окуган 39 кыз жана 11 бала "Медресе жаштарына кесип үйрөтүү" долбоорунун алкагында ашпозчу-кондитер кесибин үйрөнүшкөн. Азыр алардын айрымдары ашпозчулук кесипти жакшы үйрөнгөндүгүн далилдеп, Жалал-Абад шаарындагы кафелерде, кондитердик цехтерде иштеп жатышат.

"Алар ошондой эле өздөрү окуган "Имам Аъзам" медресесинде кулинария багытында сабак берип, кесипке үйрөткөн чакан имарат ачып, ошол эле жерден кондитердик азыктарды жасап сатканы жатышат. Тамак-аш биринчиден медреседе жатып окуган 64 балага жана келип-кетип окуган кыздар үчүн арзан, даамдуу жасалат", — деп айтылат маалыматта.

"Имам Аъзам" медресесинин директору Абдунасыр Авдувалиевдин айтымында, жалпысынан 20дан ашык продукцияларды сапаттуу кылып даярдап, элге сатыкка чыгаруу пландары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0