Элчилик: Санкт-Петербургдагы жардыруудан КР жарандары жабыркаган эмес

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүРоссиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Перекресток" дүкөнүнүн жанындагы полиция кызматкерлери
Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Перекресток дүкөнүнүн жанындагы полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тергөө комитети аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогон

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы "Перекресток" дүкөнүндө болгон жардыруудан Кыргызстандын жарандары жабыркаган эмес. Бул тууралуу Россиядагы КР элчилигинен кабарлашты.

Окуя кечээ, 28-декабрда, болгон. Анын кесепетинен 9 киши жаракат алып, 50 киши коопсуз жайга чыгарылган. Дагы төрт киши медициналык жардам үчүн кайрылган. 

Тергөө комитети аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0